Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

10:40 БШК шайлоо жарышынан чыгарылган партиялардын күрөө акчаларын кайтара элек


Бул тууралуу Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев «Азаттыкка» билдирди. БШКга катталаардан мурда саясий партиялардын ар бири мыйзамга ылайык күрөөгө 500 миң сомдон коюшкан. БШК парламенттик кезексиз шайлоого катышуу ниетин билдирген 22 саясий партиянын 10 партиясын тизмеси мыйзам бузуу менен түзүлгөн деп, шайлоого катышуу укугунан ажыраткан. Алардын ичинен сотко кайрылган «Родина», Жашылдар, «Таза коом», «Замандаш», «Ооган согушунун жана жергиликтүү чыр-чатактардын катышуучулары» партияларынын арыздары канагаттандырылган эмес. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG