Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

ИРАНДА КЫСКА ПАЛЬТО КИЙГЕН КЫЗДАРДЫ ПОЛИЦИЯ БУТАГА АЛЫП ЖАТАТ


Ирандын баш калаасы Тегеранда шаар бийликтери исламдык кийим эрежелерин бузган аялдарды тартипке салуунун жаңы этебына киришишти. Көчөлөрдө тартип коргоочулар кыш мезгилинде узун көйнөктөрүнүн үстүнөн кыска палто кийип, башына жоолуктан бөлөк баш кийим кийген кыз-келиндерди токтотуп, эскертүү берип жатканы кабарланууда.

Тегеранда полиция өлкө бийликтеринин исламдык кийим эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү күч алдыруунун жаңы баскычын ишке ашырууга киришти. Шаардын борбордук көчөлөрүндө бир нече полиция бекеттери ачылып, тартип коргоочулар машиналары менен турушат. Тегеран полициясынын жетекчиси генерал Ахмад Реза Радан жекшемби күнү кышкы өнөктүктүн башталышы тууралуу кабарчыларга буларды билдирди:

– Көйнөктүн ичинен кийген узун шымдын багалегин өтүгүнүн кончуна салып, башына жоолук салбай, калпак кийгендер, тар кийимчендер, тизесинен өйдө келген палточондор бутага алынат. Исламдык кийим эрежелерин аялдар машинада жүргөндө да сакташы керек.

Радандын айтымында, тартип коргоочулар машиналарды токтотуп, ичинде отурган аялдардын киймин да текшеришмекчи. Ал ошондой эле ресторан, кафе, дүкөндөрдүн ээлерин эгер кардарлар бул эрежелерди бузса, жазага тартылаарын да эскертти.

Полициянын жаңы өнөктүгү тууралуу радио-теледен жарыяланды, ошондой эле көчөлөрдө жарнамалар илинди.

Исламдык кийим эрежелеринин сакталышын кепилдөө өнөктүгү Иранда биринчи жолу кышында өтүп жатат. Мындан 10 жылда мурда башталган өнөктүк адатта жайында өткөрүлөт. "Адеп-ахлак" полициясы жоолугун чачын чыгарып салынган, ашыгы көрүнгөн шым кийген кыз-келиндерди токтотуп, эскертүү берип, "мындан кийин жупуну кийинип жүрөм" деген тил кат жаздырып алышат. Полиция кээде алар менен кайым айтышкандарга айып салып, же камакка да алат.

Иранда аялдар исламдык эреже менен хижаб кийип жүрүүгө милдеттендирилгенине 30 жылга чукулдап калды.

Резван Моккадам Тегерандагы аялдардын таламын талашкан активист. Анын "Азаттыкка" билдиришинче, көп ирандыктар полиция аялдардын шымынын узундугун ченегенден көрө убактысын, каражатын жана күчүн иран коомундагы мындан алда-канча маанилүү маселелерге бурса болмок" деп эсептешет:

- Коомубузда башка көп көйгөйлөр бар. Хижаб маселеси коопсуздукка эч кандай коркунуч келтирбейт. Андан көрө полиция көчөдө бараткан аялдарга асылган эркектер, түнүчүндө элдин тынчын алгандар, баңги менен соода кылып, маң заттарын жаштардын арасында таратып жүргөндөр менен күрөшпөйбү.

Ирандын мамлекет көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары өткөн аптада "ирандыктардын 80 пайызы исламдык кийим эрежелеринин күчөтүлүшүн колдойт" деп жазып чыгышкан. Бирок Мокаддамдын айтымында, жеке адамдардын кандай кийим кийип жүргөнүнө полициянын кийлигишүүсү көп ирандыктарды, айрыкча жаштарды кыжырдантат.

Ал эми тегерандык көз карандысыз саясий аналитик Фарид Модаррестин сөзү боюнча, мындай эрежелер ирандыктар чыдап жүргөн көптөгөн чектөөлөрдүн бири гана, бирок ал соңку окуялар кандайдыр бир нааразылык акцияларына же социалдык төңкөрүшкө түрткү болот деп эсептебейт:

– Мен түшүнгөндөн иран коомунда мындай чектөөлөр узак мезгилде барып гана, кандайдыр бир өзгөрүүлөргө түрткү болушу мүмкүн.

Бул өнөктүктө кыздар менен аялдар гана бутага алынып жатканы менен эркектер да унутта калбайт. Аларга кыска жең көйнөк, шорты кийүүгө, денесине татуировка салууга, кашын терүүгө же чачты жылтыраткан гел пайдаланууга уруксат жок.

Өткөн жайда Дубайдан келген ирандык Али Хуссейн деген жигит "Азаттыктын" фарси кызматына аны Тегеранда полиция токтотуп, татуировкасы үчүн айып салганын билдирген. Ал кезде полиция Тегерандагы жүздөгөн чач тарачтарды кыдырып, эркектердин чачын батыш стилинде кырккан жана бет май саткан чач тарачтарга эскертүү жасаган.

Ирандын бийликтери Исламга кайчы келген кийим кийүү проблемасын түп-тамырынан жок кылууга убада кылган. Соңку чаралар мына ошол убаданы иш жүзүүнө ашыруунун жаңы баскычы болуп саналат.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG