Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

ОРУСИЯ: “WHO IS MR.MEDVEDEV?” ЖЕ ПУТИНДИН МУРАСКОРУНУН САЯСИЙ БЕЙНЕСИ


Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү өзүнүн мураскору катары Дмитрий Медведевди атады. Медведев буга чейин өкмөт башчынын орун-басары кызматында иштеп келген. Муну менен орус президенти көпкө созулган кызуу талаш-тартыштарга чекит койду окшойт. Бирок байкоочулардын басымдүү бөлүгүнүн ишениминде, президент бул чечими менен бийликтен баары бир кетпей тургандыгын тастыктады. Анткени “жоош Медведевти Путин өзү оңой эле бийликтен сырт деле башкара алат” дешет. Мураскор атанган Медведев өзү ким?

Орусиянын саясий турмушуна байкоо салып жүргөн көптөгөн байкоочулар жана журналисттер үчүн Дмитрий Медведевдин мураскор аталышы жаңылык деле болгон жок окшойт. Анткени ал дээрлик эки жылдан бери эле “Бийликти Путиндин мурастап алышы мүмкүн” делген эки адамдын бири болчу.

Башкы эле себеп – Дмитрий Медведев Владимир Путиндин жакын санаалашы. Айрымдар, керек болсо, “Путин Медведевке өзүнүн баласындай эле мамиле кылчу” деп айта салышты. Бул эки саясатчы бир университетте окушкан, кийин ар кайсыл убактарда бир мекемелерде иштешти. Медведев жалпы өлкөнүн деңгээлинде бийликке, атап айтканда, орус өкмөтүнө да Путиндин көрсөтмөсү менен келгени маалым. Акыркы жылдары ал “орус мамлекетинин ичиндеги мамлекет” деп айтылып калчу “Газпром” энергетикалык компаниясынын деректирлер кеңешин жетектеп келди, биринчи вице-премьер-министр кызматында да иштейт. Андан сырткары, эң маанилүү улуттук программаларды жетектейт. Ошондуктан, байкоочулар “Дмитрий Медведев – президент Путиндин эң ишенимдүү адамдарынын бири” деп аташууда.

Москвадагы белгилүү саясий аналитиктердин бири Алексей Мухин азыркы орус президенти эми эле бийликке келгенде “Who is Mr.Putin?” же “Путин мырза деген ким?” деп, китептерди чыгарган болчу. Биз ага бул жолу “Медведев деген ким?” деп суроо узаттык.

- Медведев – бул Путинге өтө жакын адамдардын бири, анын жеке жардамчысы десек да болот. Ал - өтө мыкты администратор жана юрист. Медведев бир канча жолу эң кыйын юридикалык жагдайларда Путиндин командасын жана президенттин өзүн куткарып чыккан. Улуттук долбоорлордун жетекчиси катары ал азырынча эч кандай деле өзгөчө ийгиликтерге жетише элек, бирок ал өзү деле Орусияда социалдык маселелерде өтө тез өнүгүү болуп кетпей турганын түшүнөт. Ошондуктан, эгерде ал чын эле өлкөнүн президенти болуп кала турган болсо, дал ушул улуттук долбоорлорду ишке ашырууну негизги максаты кылып коет, - деди Мухин.

Путин дүйшөмбү күнү өзүнүн мураскерин атап жатып, Медведевди 17 жылдан бери биле турганын айтты. Путин менен Медведев экөө тең Петербургдан болушат. Дегеле, азыр Орусияны петербургдукдар эле бийлеп турушканы айтылып жүрөт. Мамлекетти башкарууда, мисалы, Петербургдан чыккан айтылуу “силовиктердин” мааниси тууралуу көп айтылат.

Путиндин чечими белгилүү болоор замат көптөгөн саясат таануучулар “Медведев, эми жөн гана президент деген аты эле болбосо, өлкөдө негизги саясатты Путин өзү жүргүзүшү үчүн өтө ыңгайлуу фигура” деп айтып чыгышты. Башкача айтканда, “силовиктердин” бийлик башында турушуна (Медведев өзү бул лагерге кирбейт) Медведев каршылык көрсөтпөйт” дешкен. Бирок, Алексей Мухин мындай ойго каршы.

- Медведев “күчтүү Путиндин алдында алсыз президент болот” деп эсептегендер – жаңылышат. Дмитрий Медведев – күчтүү фигура. Чын-чынында, “Путиндин Орусиясынын мөөнөтү, эгер ал чын эле президенттиктен кете турган болсо, келерки жылдын жазында толугу менен токтойт да, “Медведевдин Орусиясы” башталат.

Анткен менен, Мухиндин ишениминде, Медведевди азырынча толугу менен президенттин колдоосун алган жалгыз талапкер деп айтуу кыйын. “Президент В.Путин мурдатан эле президенттик шайлоодо күчтүү атаандаштык болот деп жүрөт, - дейт ал. - Ошон үчүн жакынкы мезгилдерде президенттик кызмат үчүн атаандаша тургандардын катарына Сергей Иванов да кошулушу мүмкүн жана анын да талапкердигин Путин колдоп калышы ыктымал”. В.Путин Д.Медведевдин талапкердигин көрсөткөн жок, аны жөн гана колдой турганын билдирди. Медведевдин талапкердигин партиялар сунуш кылышты. Ошондуктан президенттин колдоосуна ээ болуучу талапкерлердин саны Медведев менен эле чектелет дегенге эртерээк го дешет.

“Мураскор Медведевдин” Борбор Азияга, анын ичинде, Кыргызстанга карата саясаты кандай болушу мүмкүн? Дмитрий Медведев “Газпромдун” деректирлер кеңешин жетектейт. А.Мухиндин пикиринде, Борбор Азияга карата боло турган мамилени да Медведевдин буга чейинки эларалык экономикалык мамилелердеги позициясынын алкагында караш керек. Анткени Медведевдин сырткы-экономикалык саясаты (“Газпром” учурда Борбор Азиядагы баардык мамлекеттерде дымактуу долдоорлорун ишке киргизүүгө аракет кылууда) Путин тарабынан колдоого алынып келген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG