Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫНЫН КУРАМЫНДА БАЯГЫ ЭЛЕ КАЗЫНА КӨЗҮН КАРАГАНДАРБЫ?


Шайлоо болоруна саналуу гана күндөр калды. Шайлоо комиссияларынын даярдыгы кандай? Бул жөнүндө “Азаттыктын” түз эфирдеги маегинде БШК мүчөсү Жеңишбек Акматов ой-пикир бөлүштү.

-Парламенттик шайлоого 5 күн гана убакыт калды. БШКнын шайлоого даярдыгы кандай? Кайрадан басылып баштаган бюллетендер бардык шайлоо участокторуна мөөнөтүндө жеткирилип үлгүрөбү?

- Бюллетендер басылып Кыргызстандын бардык райондоруна жеткирилди. Бюллетендер менен кошо БШКнын маалымат кагаздары, ошондой эле колго сыйпалуучу сыя жана аны текшерүүчү лампалар Кыргызcтандын бардык аймактарына биринчи күнү жеткирилди.

-Демек БШК жана жер-жерлердеги участкалык шайлоо комиссиялары бардыгы шайлоого даяр турбайбы?

-Кудай буюрса даяр деп айтууга толук мүмкүнчүлүк бар. Кечээ БШКнын мүчөлөрү шайлоо компаниясы боюнча участкалык шайлоо комиссияларын окутуу боюнча тренингдерден кайтып келишти. Бул бардык Кыргызстандагы 2 миңден ашык шайлоо участкаларынын толук курамы эл аралык шайлоо фондусунун жардамы менен атайын жаңы кодекстин нормалары менен таанышты, окуу семинарлары болуп өттү.

-Участкалык жана аймактык шайлоо комиссиялары бийликчил партияга ыңгайлаштырылып түзүлүп жатат деген дооматтар айтылып атат. Буга бир мисал катары май айындагы шайлоодо адилетсиздиги үчүн Кемин райондук шайлоо комиссиясынын төрайымдыгынан четтетилген Елена Иманкулова кайрадан төрайым болуп шайланганы коомчулуктун нааразылыгын туудурду. Буга БШК эмне дейт?

- Бул коомчулуктун тынчсыздануусун мен да кечээ Талас облусунун участкалык шайлоо комиссияларын окутуудан кайтып келип, бүгүн интернет сайттардан окудум. Бул боюнча мен да бүгүн БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Аргимбаевге өзүмдүн тынчсыздануумду билдирип, бул маселени облустук шайлоо комиссиясында кароосун өтүндүм. Себеби Кеминде өткөн шайлоодо өзүңүз күбө болгонсуз, мен ошол жакта куратор катары жүргөм. Бул кишинин ошол жердеги шайлоону мыйзамсыз өткөрүүдө абдан чоң ролу болгон. Ошондуктан бул киши райондук шайлоо комиссиясын жетектөөгө моралдык укугу жок деп эсептейм. Бул киши боюнча уюштуруу бөлүмү өзүнүн жообун бермек болду. Эртең көрө жатарбыз.

Биздеги бей өкмөт уюмдун тынчсызданууларында негиз бар. Анткени, мен Талас облусунда участкалык шайлоо комиссияларын окуткан убакта комиссиянын курамы менен таанышканда көрдүм. Бул жерде кодекстин шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндөгү нормалары одоно түрдө бузулган. Себеби биздин акыркы рефрендумда кабыл алынган кодекстин эң бир жакшы жетишкендиктери катары шайлоо комиссияларын паритеттик негизде үчтөн бири саясий партиянын өкүлдөрү, үчтөн бири мамлекеттик муниципалдык кызматкерлер, ал эми үчтөн бири жөнөкөй адамдар болсун деген норма болчу.

Бирок “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” деп элибиз айткандай, баягы эле мектептин мугалимдери, бюджеттик мекеменин кызматкерлери шайлоо комиссиясынын 30 пайызы эмес, 70-80 пайызын түзгөн участкалык комиссиялар мен өзүм катышкан Талас облусунда абдан көп экен. Мен бул боюнча өзүмдүн тынчсыздануумду облустук, райондук шайлоо комиссияларына айтып, шайлоого чейин убакыт бар, ушул мыйзам бузууларды жөнгө салуу жөнүндө талапты коюп келдим. Көрө жатабыз эми кандай чечилет.

-Бул боюнча өзүңүз БШКнын мүчөсү катары каршылык билдирип, комиссиянын өзүндө талкууга, жыйынга алып чыгууга укугуңуз барбы?

- Биздин БШКнын регламенти жана БШК жөнүндөгү законго ылайык биздин 5 мүчө гана кол койгондо биз бул маселени заседаниеге алып чыга алабыз. Бирок менин жана БШКнын дагы бир мүчөсү Жаркын Бапанованын суроосу менен биз бул маселени мындан 10 күндөн да ашык убакыт мурун БШКнын отурумунда биздин төрайымыбыз Клара Кабиловага көтөргөнбүз.

Ал биздин бул тынчсыздануубузду кабыл алып, уюштуруу бөлүмүнүн башчысына бир жумалык сроктун ичинде бүт республикадагы райондук жана участкалык комиссиялардын курамын толугу менен алып, БШКда талкуулоо маселесин көтөргөн. Бирок андан бери он күндөн ашык убакыт өтсө дагы бул маселе каралбай келе жатат. Эми мен ойлойм, бүгүнкү интернет сайттагы өкмөттүк эмес эл аралык уюмдардын билдирүүлөрүнөн кийин төрайым жакынкы убакта бүгүн-эртең бул маселени БШКнын заседаниесине алып чыгат деп.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG