Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

“Асаба” партиясынын шайлоо тизмесиндеги биринчи талапкер Жеңишбек Назаралиев атаандаштыктан чыгарын жар салып, жактоочуларын 16-декабрга белгиленген саясий өнөктүккө катышпоого чакырды. Айтылуу дарыгер мындай кадамын шайлоодо кимдер жеңишке жетери күн мурунтан белгиленип калганына байланыштуу түшүндүрдү. Ага мамлекеттик телеканал аркылуу партиясынын программалык максат-мүдөөсүн элге жеткирүүгө мүмкүндүк беришпегенин билдирди.

Жеңишбек Назаралиев шайлоо атаандаштыгынан баш тартуусунун себебин мамлекеттик тоскоолго байланыштырды.

- Азыр мамлекеттин кылган иши бизге тоскоол жасоо болууда. Үйлөрүбүздү тоноп, болгон билборддорду сындырып, телерадиокомпаниядан бизге убакыт бербегенден кийин өзүбүздүн элибизге, замандаштарыбызга өзүбүздүн оюбузду жеткире албай жатабыз. Муну башында эле уткура турганыбызды билсек, мисалы, мен жөндөн-жөн эле уткурганга барбайм.

Айтылуу дарыгер парламент шайлоонун жыйынтыгы белгилүү, кайсы партиялардын мөрөйү үстөм болору күн мурунтан аныкталып калган деп эсептейт.

- Бүгүнкү күндө болсо мамлекет өтө турган партиялар менен сүйлөшүп алган. Өтө турган партиялар белгилүү. Ошондуктан шайлоого барып уруш-талаш, акчалардын баарын коротуш, мен ойлойм, эч туура эмес. Эң туура эмеси – добуш берүүгө баруу, бул өз элин сатканга барабар.

Парламент шайлоодо толгон-токой көз боемочулуктар болорун күн мурунтан эскертип, Ж.Назаралиев ушул айдын башында 4-декабрда атаандаш партиялардын баарын шайлоодон баш тартууга чакырган. Бирок ал демилге башка партиялар тарабынан колдоого алынбай, жадесе «асабачылар» да жаңы партиялашынын үгүт иштери күчөп жаткан чактагы аракетин жактырышкан эмес.

Айтса, парламент шайлоого катышпай коюу демилгесин Ж.Назаралиевге чейин эле атаандаштык башталар алдында «Ар-намыс» партиясы көтөрүп чыккан. Партиянын төрага орунбасары Эмил Алиевдин ырасташынча, демилге башка партиялар тарабынан колдоо тапкан эмес.

- Бул шайлоодо бийлик административдик ресурсту колдонот, дагы башка ыкмаларды пайдаланат, таза шайлоо болбойт, ошого катышпай эле коелу, ресурстарыбызды жоготпой эле коелу, дегенбиз. Ошол эле Ж.Назаралиев, башкалар деле колдогон жок.

Ж.Назаралиев 2005-жылкы президенттик шайлоо алдында да талапкерлигин жарыя кылып, бирок да К.Бакиев – Ф.Кулов экилтиги пайда болгондон кийин атаандаштыгын алып салган. Бул ирет кандай себеп-жагдайларга байланыштуу парламент шайлоого катышуудан баш тартышын «Асаба» партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Дооронбек Садырбаев мындайча билдирди.

- Биздин билгенибизге караганда, баягы эле эски жолдорго салып баланы кысып койгон көрүнөт. Анан безилдеп өзүнүн мекемеси жөнүндө, бала-бакырасы жөнүндө сөз кылып ийгенде биз айттык, жолдорун түшүндүрүп бердик. Эч кандай кыйын жери жок. Эми бул бирөөлөрдү кысып жаткан, бирөөлөрдү шыбап жаткан биздин азыркы заманда жаңылык деле эмес. Ал болуп жаткан нерсе.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев атаандаштыктан баш тарткан партиялык тизме башындагы талапкердин ордун тизмедеги экинчи адам ээлерин белгилеп, азырынча Ж.Назаралиевден партиялык тизмеден алып салуу тууралуу арыз түшө электигин маалымдады. А.Сариев айрым саясий күчтөр парламент шайлоонун кандай өтөрү туралуу божомол-жоромолдорду үгүт катары пайдаланышууда деген пикирде.

- Кээ бирлери муну үгүт иштери катары колдонуп жүрүшөт.

Ж.Назаралиев шайлоонун атаандаштыгы башталар чакта Максим Бакиев жана мамлекеттик телеканалдын жетекчиси Мелис Эшимканов менен жолугушканын кабарлады. Алардан маалымат каражаттарына жетүү жагынан бирдей шарт түзүп берүү талабын билдиргенин жарыя кылды.

- “А эмне үчүн биз силер менен атаандашабыз?” М.Эшимканов ушинтип айтты. “Силер өз талааңарда гана ойлоп, ичара тытыша бересиңер”. Башкача айтканда, алар бизге 15% сөөк ыргытып коет экен, биз болсо тытыша беребиз. Алар болсо көңүл ачып, тамашалашып, бизди мыйыгынан карап турат экен,- деп айтты Ж.Назаралиев.

Ошентип «Асаба» партиясынын тизмесинде орун жылышуу болуп өттү. Тизмеге кирген партиячылардын саны бирге кемиди. Эми катардын башында партия жетекчиси Азимбек Бекназаровдун аты жазылат.
XS
SM
MD
LG