Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

17:47 Кемин районунда шайлоо комиссиясында одоно мыйзам бузгандыгы менен аты чыккан жетекчи бошотулду


Бул туурасында бүгүн БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Аргынбаев «Азаттыкка» билдирди. Кечээ бул райондогу шайлоо комиссиясынын жетекчиси Елена Иманкулова өз арызынын негизинде бошотулуп, Нурбек Исмаилов анын ордуна дайындалды. Буга чейин укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Елена Иманкулованы өткөн шайлоодо одоно мыйзам бузууга барган деп күнөөлөгөн. Мындай нааразылыкка БШКнын айрым мүчөлөрү да макул экенин билдирип, кечээ Кемин райондук шайлоо комиссиясынын жетекчисин алмаштыруу үчүн уюштуруу бөлүмүнө кайрылуу жолдошкон. (JJ)

XS
SM
MD
LG