Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

18:43 Ысыкөлдө каза болгон адамдар дагы тизмеге кирип, шайлоодо добуш берүүдө


“Ата Мекен” партиясынын облустук штабына Каракол шаарындагы Ленин көчөсүнөн Тентиевдер кайрылып, эки жыл мурда каза болгон атасы Мусанын тизмеси дагы шайлоо сайын илинип жатканын айтышты. Штаб башчысы Мухамбет Асаналиев аны иликтегенде 1949-жылы туулган Муса Тентиев үчүн референдумда дагы добуш берилгени айтылды. Атамекенчилердин тактаганы боюнча азырынча Каракол шаарында көзү өткөн алты киши тизмеде турат. Ал эми шайлоого жалпы 228 миңден ашык адам добуш берээри айтылууда. Бирок бул референдумдагы шайлоочулардын санына жетпейт. Анда 223 миңден ашык шайлоочу катышты деген маалымат болгон. Бул айырмачылыкты облустук шайлоо комиссиясынын төрагасынан сураганыбызда, ал көзү өткөндөр туура эмес тизмеден улам болгонун мойнуна алды. (RB)

XS
SM
MD
LG