Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

13-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Биринчи Жалпы Кыргыз Кенешинин уюштуруу съездин өткөрүү үчүн Кыргыз облревкому 1924-жылдын 13-декабрында атайын комиссия уюштурган. Улуу манасчылар-Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев, айтылуу акындар - Алыкул Осмонов менен Аалы Токомбаев жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековго «Кыргызстандын ардактуу алтын медалын» берүү туурасында жардык жарыяланды.

Кыргызстанда шаарлардын жоктугуна байланыштуу, болсо да алардын шаар сыяктуу келишпегендигинен улам, Кыргыз автономиялык областынын администрациялык мекемелери 1924-жылдын ноябрь айына чейин Ташкент шаарында жайгашып келген. Кыргыз жетекчилиги Ташкент шаарынан тийиштүү чечимдерди кабыл алып, Кыргызстанга келип аны жергиликтүү деңгээлге жеткиргенче убакыт өтүп, алардын мааниси эскирип кеткен учурлар арбын учураган. Областтык революциялык комитет 1924-жылдын ноябрь айында автономиялык область борборун Пишпек шаарына которуу туурасында чечим чыгарган. Муну менен бирге, облревком Биринчи Жалпы Кыргыз Кенешинин уюштуруу съездин өткөрүү үчүн камылга көрүп баштаган. Ушул максатта облревкомдун президиуму 1924-жылдын 13-декабрында уюштуруу съездине утурлай шайлоо өткөрүү үчүн атайын комиссия уюштурган.

Кыргыз ССР элдик комиссарлар кенеши 1941-жылдын 13-декабрында Кыргызстанга эвакуацияланган
«Осовиахим» атындагы Харьков тигүү фабрикасын Фрунзе шаарына жайгаштыруу туурасында чечим кабыл алды. Фабрика республикалык жеңил өнөр жай наркоматына ыйгарылып, наркомат жетекчилиги фабриканы сүт саткан базардын бир ыптасына жайгаштырган. Союздук Совнарком республикалык Жеңил өнөр жай наркоматына тигүү фабриканы куруу ишине дароо киришип, даяр продукцияны 1942-жылдын 10-январында берилишин талап кылган.

Президент Аскар Акаевдин 2003-жылдын 13-декабрдагы жардыгы менен кыргыз маданиятына зор салым кошкон инсандардын арбагы эскерилди. Улуу манасчылар - Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев, айтылуу акындар- Алыкул Осмонов менен Аалы Токомбаев жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековго «Кыргызстандын ардактуу алтын медалынын» берилиши туурасында чечим чыгарылды.

Бу күнү, 1642-жылы А. Тасмандын экспедициясы Жаңы Зеландияны ачып, 1904-жылы тез жардам көрсөтүү боюнча Москва илим-изилдөө институтуна Николай Васильевич Склифосовскийдин ысмы ыйгарылып, 1922-жылы Закавказье Советтик социалисттик федеративдик Республикасы уюшулган.
XS
SM
MD
LG