Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Учурда кыш өкүмүн сүрүп, жолдор тайгак болуп, мурдакыдай жолго туз, кум себилбегендиктен жол кырсыктары арбын болууда дешет айдоочулар. Мындан сырткары адистердин айтымында жол эрежелерин одоно бузуу, унааны кышка даярдабай кышкы дөңгөлөктөр тагылбаганы жана коопсуздук курду тагынбоо да кырсыктарга себепкер болууда.

Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасынын жетекчиси Леонид Поляктын маалыматына караганда өлкөдө жолдун карын тазалоочу техника жетишсиз. Ошондуктан жолдор учурунда тазаланбагандыктан жана кум-туз себилбегендиктен жол кырсыктары болууда. Жол коопсуздугун сактоо үчүн 520 МАИ кызматкерлери бар, бирок алар жетишпейт. Учурда өлкө боюнча болгону 955 автоинспекция кызматкери иштейт.

-Өлкөдө жолдун карын тазалоочу техника жетишпейт. Алардын 40 пайызы гана иштеп жатат. Транспортту катуу ылдамдыкта айдоо, айдоочулар машиналарын кышка даярдабаганы, коопсуздук курду тагынбаганы кырсыктардын көп болушуна себепкер.

Бишкек шаардык МАИ башкармасынын бөлүм башчысы Токтосун Сатаровдун айтымында кышкысын жол эрежесин бузгандардын негизги бөлүгү автоунааларды кышка даярдабай катуу ылдамдыкта жана мас абалында айдагандар. Алардын ичинен, маселен, жол кырсыгына себепкер болгон 400 дөй айдоочу качып, изин жашырып кеткен.

Ошол эле учурда көпчүлүк айдоочулар автокырсыктардын күн санап өсүшүн жол эрежелерин билбеген жаш айдоочулардын опсуз көбөйүп кеткендигинен жана жолго туз, кум себилбегенинен көрүшөт. Бишкектик айдоочу Ислам Исраиловдун айтымында учурда борбордук көчөлөргө гана кум, туз себилип, башка жолдорго кум, туз себилбей, кары күрөлбөй жатканы кырсыкка себепкер болууда.

Айдоочулардын мындай айыптоосун Бишкек шаардык турак-жай, коммуналдык чарба жана жылуулук-энергетикалык комплекс департаментинин жетекчисинин орун басары Эдилбек Жузенов четке кагып, жолго себилүүчү кум, туз жетиштүү даярдалып, себилип жатканын билдирди.

-14 кар тазалоочу жана 11 кум жана туз себүүчү машина иштеп жатат. 670 тонна кум даярдалган, ошондой эле 183 тонна туз жолго чачуу үчүн даярдалган. Мындан сырткары да кошумча техникалар иштеп жатат. Чынында эле негизги көчөлөргө кум, туз себилгени менен башка көчөлөргө жетише албай жатабыз.

Кыйма-чийме жолдордун сапатынын начардыгы кырсыктардын дагы бир негизги себептеринин бири катары аталып келет. Мындай көз караштагыдардын бири - Бишкектин тургуну Талант Султангазиев :

"Жолдун көпчүлүк бөлүгү уңкур-чуңкур болуп атпайбы. Бул жердеги чоңдор оңдоп атабыз дегени менен борбордук жолдор оңдолуп, башка жактагы жолдор каралбай калбадыбы. Боом капчыгайы, Нарын тараптан эмнеге көп кырсык катталып атат, демек автожолдор кууш, жаман. Менин оюмча жол кырсыгынын чыгышына негизинен кан жолдордун талапка жооп бербегени себеп болууда."

Айдоочу Исмаил Исраиловдун пикиринде, Транспорт министрлиги жол салыгын алгандан кийин кышкысын жолдордун кесилиштерине кум, туз сээп, карын тазалап, бир тараптуу жолдорду, ыкчам жүрүүчү кан жолдорду көбөйтсө, ошондой эле МАИ жол эрежелерин бекем сактоонун механизмин иштеп чыкса, жол кырсыгы алда канча азаймак.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, быйыл өлкөдө он бир айда эле беш миңге жакын жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен миңге чукул адам каза болуп, 6 миң адам жаракат алган. Бул өткөн жылдагыдан эки эсеге көп. Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочулар жабыр таркандарга жардам берип, ооруканага жеткирүүнүн ордуна качып, изин жашырып кетүүдө. Быйыл эле жүзгө жакын адамдын өмүрүн кыйып качып кеткен айдоочулар табылбай издөөдө жүрөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG