Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

МУРДАГЫ НЕМИС КАНЦЛЕРИ ЭМНЕ ЭЛЕ МОСКВАНЫ КОРГОП КАЛГАН?


Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шрөдер 10-декабрда Нью-Йорктогу Колумбия университетинде сүйлөгөн сөзүндө Орусияны дүйнөлүк иш-алакалардан оолактатуу аракети көрүлүп жатканын эскертти. АКШ менен Евробиримдикти Шрөдер буга жол бербөөгө, тышкы саясаттын баардык аспектилеринде Орусия менен өнөктөш мамилеге өтүүгө чакырды.

Мурдагы канцлер Орусиянын азыркы президенти Владимир Путинге алкыш сөздөрүн келтирип, Путиндин жетекчилик мезгилинде орус экономикасы буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлде өскөнүн жана орус эли бейкутчулукка жеткенин айтты. “Азыр Европанын энергетикалык коопсуздугун түптөө озуйпасында Орусияны катарга кошпоо аракеттеринин көрүлүп жатканы өзгөчө өкүндүрөт”, - дейт Шрөдер.

Шрөдердин ал жерде кантип сүйлөгөнүн көрсөңүз аны “Орусиянын элчиси болсо керек” деп ойлоп калмаксыз. Кайсыл бир мааниден алып караганда, ал орус элчиси деле боло калды окшойт.

Нью-Йорктогу сөзүндө Герхард Шрөдер Батыш азыр Орусияга каршы канчалык деңгээлде акыйкатсыз аракеттерди көрүп жатканы тууралуу өтө толкунданып айткандай болду. “Москваны улам эле бүт иштерден четтетүүгө көрүп жаткан бул аракетиңердин кесепети стабилсиздикке түртө турган ахыбалга алып келиши мүмкүн”, - деди ал.

Бирок Шрөдер азыр саясатчы катары сүйлөгөн жок. Анткени ал азыр жөн гана Европаны газ менен камсыз кылуунун жолдорун табуу үстүндө иштеген Nord Stream AG деп аталган консорциумдун деректирлер кеңешинин жетекчиси. Аталган долбоор Балтика деңизинин түбү аркылуу газ куурун жаткырып, Орусиянын түндүгүндөгү Выборг шаарынан жаратылыш газын Германиянын Грейфсуальд шаарына жеткирүүнү көздөйт.

Көпчүлүк бул Nord Stream AG деген ишкананын артында Орусиянын “Газпром” энергетикалык компаниясы турса керек жана орустар эптеп батыш Европанын базарына кириш үчүн ушу компанияны колдонуп жатышат деп эсептейт. 2005-жылы бул ишканага ишенимди арттырыш үчүн абройлуураак жетекчи керек деп, Шрөдерди алып келишкен.

Колумбия университетиндеги студенттер менен жолугушууда мурдагы канцлер үчүн өзүн “Газпромдун” адамы эмес деп көрсөтүү бир топ эле кыйынга турду көрүнөт.

- Мен “Газпром” үчүн иштебейм. Андай деп ойлогон туура эмес. Мен “Газпром” менен өнөктөштүк мамилеси бар биргелешкен ишкананы түзгөн компанияда иштейм. Ошол биргелешкен ишканада германиялык эки, голландиялык бир ишкана бар. Башкача айтканда, “Газпром” болгону ал жердеги төрт компаниянын бири. Алардын баарынын максаты – Европа үчүн өтө маанилүү эсептелген Балтика газ куурун жаткыруу.

Шрөдердин айтымында, Европа азыр жылына 500 млрд.куб метр жаратылыш газын колдонот. Эгерде газга муктаждык азыркыдай деңгээлинде тура берсе, анда 2015-жылы 200 млрд.куб метр кошумча газ керек болот. Шрөдердин айтымында, эгер Nord Stream толугу менен ишке кирсе, ушул кошумча талап кылынчу газдын төрттөн бирин, же 55 млрд.куб метр газды ташып келүүгө кудурети жетмек.

“Бирок, - дейт Шрөдер, - Балтика боюндагы өлкөлөр менен Польша ал дымактуу пландарды турмушка ашырууга каршылык көрсөтүшү ыктымал. Анткени мында экологиялык кооптонуулардан сырткары, бул өлкөлөрдүн тарыхый жагдайлардан улам Орусияга болгон ишенбөөчүлүк мамилеси бар”. Мурдагы канцлердин ишениминде, көп учурда ал мамлекеттер Орусия тууралуу сөз болгондо азыр чынында эмне пайдалуу экенине көңүл бурушпайт да, тарыхый жагымсыз окуяларга көз чаптыра беришет. Бул маселелерди ачык талкуулоо зарыл деп эсептейт Шрөдер.

Жыйында олтургандардын бири мурдагы канцлерден “Орусия жаратылыш газын үзгүлтүксүз жөнөтүп тураарына толук ишенесизби?” деп суроо узатканда, Шрөдер 1998-2005-жылдардагы өзүнүн канцлердик кызматы учурунда бул маселе эч кандай проблема жаратпаганын айтты.

- Мен жообумду биз, немистер, орусиялык энергия жөнөтүүчүлөр менен болгон алыш-беришибиздин негизинде түзөйүн. Ал тажрыйба ачык көрсөтүп тургандай, Германияга Орусиядан импорттолуучу энергия маселесинде “кансыз согуш” мезгилинде да, азыр да эч кандай проблема болгон эмес жана мындан ары да болбойт деп терең ишенем, - деди ал.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Шрөдер мырза дүйнөдө Орусияны маанилүү эларалык маселелерди чечүү ишине кошпой коюуга көрүлүп жаткан аракеттер Москвага жакпай жатат деп айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG