Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

Эки кишинин суракка алынып жаткан учуру тартылган тасмаларды Борбордук чалгындоо кызматы (БЧК) кандайча жана эмне максатта жок кылган? Мына ушул маселенин айланасында АКШнын Борбордук чалгын кызматы болгон ЦРУнун директору генерал Майкл Гайдн Конгресстин алдында жабык эшик артында сурак берип жатат. Тасмалардын жок кылынышы сурак жүргүзгөндөр Женева конвенциясында, АКШнын мыйзамдарында же экөөсүндө тең тыю салынган кыйноо методдорду колдонушкан деген шектенүүлөрдү күч алдырууда. Бул окуялар кыйноо чын эле шектүү террорчуларды сөзгө келтирип, террордук актыларды болтурбоого мүмкүндүк береби деген талашка жем таштаганына бир топ болуп калды.

Ирактын америкалык аскерлер көзөмөлдөгөн Абу Граиб түрмөсүндө айыпкерлердин зордук-зомбулукка кириптер болушу 2004-жылдын апрел айында ачыкка чыккан эле. Ошондон улам чыккан жаңжалдан бери Кошмо Штаттарында катаң сурак методдору кызуу талкууга алынып келатат. АКШ президенти Жорж Буштун согуш саясатын айыптагандар Кошмо Штаттары шектүү террористтерди кыйноого жол берет деп күнөөлөшкөн. Буш мындай айыптоолорду четке кагып, сурак методдору катаң болгону менен, аларга АКШнын мыйзамдары жана Женева конвенциясы уруксат берет деп ырастаган.

Азыр эми БЧК суракка алуу түшүрүлгөн эки видео-тасманы жок кылганын мойнуна алып, бирок Конгресстин тийешелүү мүчөлөрүнө алдын-ала маалымат берилген болчу деп ырастоодо. Конгресстин айрым мүчөлөрү бул ырастоону төгүнгө чыгарышты. БЧКнын жетекчиси Майкл Гайдн 11-декабрда Сенаттын Чалгын комитетиндеги жабык жыйында сурак берди. Шаршембиде ал Өкүлдөр палатасынын Чалгын комиссиясында суроолорго жооп берүүдө.

Видео-тасмалардын жок кылынышы аларда кыйноого тете болгон, демек мыйзамсыз методдор колдонулган деген шектенүүлөргө май чачууда.

Деги эле, коркутуп-үркүтүп жана кыйноо шектүү кылмышкерди чындыкты айтууга мажбурлай алабы же ал өзүн кыйнагандардын каалаганын гана айтып беререби? Вашингтондогу жеке менчик саясат изилдөө борбору болгон Херитиж же Мурас корунун коопсуздук боюнча эксперти Жеймс Карафанонун пикирине кулак салсак:

Күчкө салуу менен чындыкка жетүүгө болобу? Ооба, болот. Мындай жол менен алынган маалымат жалган болуп чыгышы мүмкүнбү? Ооба, мүмкүн. Демек мындай методдордун натыйжалуулугу канчалык деген суроо пайда болот. Чынын айтсам, илимий көз караштан алганда, буга жооп жок.

Карафано кыйноолордун айрым түрлөрүн караманча четке какканы менен, өтө катуу коркккондо шектүү кылмышкерлер баалуу маалыматтарды берет деп укканын кошумчалады.

Ал эми башкалар, анын ичинде укук коргоочулар, камактагыларга таш боор мамилени эч качан актоого болбойт деп эсептешет. Алардын бири Том Малимовский укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюмунун Вашингтондогу адвокат директору:

Биздин генералдар көп жылдардан бери эле "Кошмо Штаттары Женева конвенциясынын кылын кыйшайтпай сакташы керек, ошондо биз өз аскерлерибизди коргогон болобуз" деп айтып келишет. Кошмо Штаттары Женева келишимин сактаган үчүн, тарыхта биздин аскерлер колго түшкөндө аларга башка туткундарга караганда өйдөрөөк мамиле жасагандыгынын көп мисалдары белгилүү.

Буга жооп иретинде Жеймс Карафано америкалык аскерлер туткунга түшкөндө, ар кандай зордук-зомбулукка туш келген учурлар көп деп ырастап, ошол эле мезгилде жеке өзү суракка алуунун анчалык катуу кетпеген формаларын жактай тургандыгын билдирди.

Анын аралыгында, БЧК директорунун Конгресстеги сурак берүүсү сурак тасмаларын ким жок кылганын гана аныктабастан, бул маселе коомчулуктун көңүлүн өзүнө айрыкча буруп жаткандыктан, АКШ өкмөтүнүн айыпкерлерди суракка алуу методдорунун да өзгөрүшүнө түрткү болот деп болжолдонууда.
XS
SM
MD
LG