Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

Евробиримдиктин жетекчилиги бейшемби күнү Лиссабондо жалпы европалык жөнөкөйлөтүлгөн конституциялык келишимге кол коюшат. “Жаңыланган келишим” деп аталган бул документ кеңейген Евробиримдиктин ишмердүүлүгүн бир ыраатка салыш керек. 2005- жылкы референдумда француздар менен нидерланддар жалпы европалык башмыйзамдын долбоорун бекитпей коюп, Евробиримдик туңгуюкка камалган эле.

“Жаңыланган келишимге” кол койуу салтанаты 13-декабрда Лиссабондо өтөт. Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Португалия документ “Лиссабон келишими” деп аталып калат деген чоң үмүттө. Эми “Жаңыланган келишимди” биримдикке мүчө 27 өлкө бекитип берсе, уюмдун тарыхындагы татаал мезгилге чекит коюлат. Португалиянын премьер- министри Жозе Сократеш 18- октябрда Лиссабондо тараптар келишим боюнча орток пикирге келгенде, береги келишимди “туңгуйуктан чыгарчу жол” деп атаган:

-Айымдар жана мырзалар! Бул Европанын жеңиши болду. Бул жаңы келишим, бул макулдашуу менен биз бир кыйла убакыт камалып жаткан туңгуюктан, башкаруу институтундагы кризистен чыктык. Келечектин чакырыгын жөндөөгө даяр болдук жана жыйындан кубаттуу болуп кетебиз.

“Жаңыланган келишим” бирдиктүү Европанын конституциясынын долбоорун алмаштырат. Орток башмыйзамды иштеп чыгуу боюнча чечим 2001- жылы кабыл алынган. Анын демилгечилеринин максатында, башмыйзам букараларда жалпыевропалык аң-сезимди жаратып, Евробримдикти дүйнөлүк түзүлүштүн үлгүсү кылыш керек болчу. Башмыйзамдын долбоору 2004- жылы июнда бекитилип, 10 өлкөнүн эли аны жактырат. Бирок, 2005- жылы Франция менен Голландиянын калкы Европа өлкөлөрү шашыла биригүүдө деп, референдумда долбоорду колдобой койгон. Ошонон кийин уюм башмыйзамдан баш тартып, анын ордуна “Жаңыланган келишимди” иштеп чыкканга аргасыз болгон.

Лиссабондогу кол койуу аземине Британиянын премьер- министри Гордон Браун катышпайт. Жалпыевропалык идеяны жактырбаган британдардын маанайынан чочуган Браун Лиссабонго кеч бешимде келип, келишимге ырасмий эмес жагдайда өзүнчө кол койот.

Орток башмыйзамдан чыккан кризис жөндөлсө да, биримдикти кеңейтүү, анын ичинде уюмга Түркияны кабыл алуу боюнча талаш дале басыла элек. Талдоочулардын баамында, Анкаранын дымагы 10- 15- жылдан кийин гана канааттандырылышы ыктымал.

Ырас, “Түркияга Евробримдикте орун жок” деп дембе- дем кайталаган Франциянын президенти Саркози Лиссабондо бул маселени козгобойт деп күтүлүүдө. Өз кезегинде Анкаранын сүрөөнчүсү болгон Британия Лиссабондо кабыл алынчу декларациядан уюмду келечекте дагы кеңейтүү жөнүндөгү сүйлөмдү алып салууга көнгөн. Натыйжада, 1991- жылдан бери биринчи жолу Евробиримдиктин саммитинде уюмду кеңейтүү жөнүндө сөз болбойт.
XS
SM
MD
LG