Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Келерки жылы Өзбекстан жаратылыш газына бааны кымбаттатат, деп билдирди “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов. Анын айтымында, кыргыз бийлиги бул маселени мамлекеттик деңгээлде коңшу өлкө менен оң чечпесе карапайым өлкө атуулдарынын жашоосун ого бетер оорлотот. Ал эми Өнөр жай жана энергетика министрлигинин адисинин маалыматына караганда учурда жаратылыш газынын баасын өзбек тарап ачык айта элек.

Маалыматтарга караганда келерки жылы Өзбекстандан алынуучу жаратылыш газынын миң кубометри 130 долларга чейин кымбаттап, газ төлөмдөрү 20 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. “Кыргызгаздын” басма сөз кызматы аталган ишкананын жетекчилиги бул маселени чечүү багытында аракеттерди көрүп, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын билдирди. “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов жаңы жылдан кийин жаратылыш газынын баасы кымбаттай тургандыгын тастыктады.

-Жаратылыш газынын миң кубка турган баасын 2008-жылы биздин билермандар Өзбекнефтегаз компаниясы менен барып сүйлөшүптүр. Анан алар эмдиги жылы биз силерге жаратылыш газын берелик. Силер үчүн 800 млн. куб газды резервке алып, силерге быйыл бөлүнүүчү газдын составына киргизип койдук, бирок баасын кийин айтабыз дептир.Негизинен булар муну менен бизди чөгөлөткүсү келип турат да. Эмне дегенде 2008-жылы Орусияга жана Тажикистанга бере турган жаратылыш газынын кубун өзбектер 130-150 долларга чейин көбөйтүп беришиптир. Алар буга кол коюшуптур,-деди Базарбай Мамбетов.

Өнөр жай жана энергетика министрлигинин газ жана жылуулук бөлүмүнүн башчысы Арслан Турдукулов учурда Өзбекстан жаратылыш газынын баасын так айтпаганын, бул маселе жакын арада чечилерин айтты.

-Биз бул маселени чечүү багытында мүмкүнчүлүк болcо бүгүн-эртең Ташкент менен байланышабыз. Эгер бул жумада чечилбесе, кийинки жумада чечебиз.

“Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов болсо жаратылыш газына байланыштуу маселени мамлекеттик деңгээлде чечпесе карапайым калктын жашоосуна оорчулук келет, деп эсептейт

-Бул маселени “Кыргызгаздын” жетекчиси эмес, Өнөр жай энергетика министри Чудинов да эмес муну мамлекеттик деңгээлде биздин президент, премьер-министр Өзбекстандын президенти, премьер-министри менен сүйлөшүп чечүүсү керек.

Кыргызстан Өзбекстандан газдын бир миң кубометрин 2005-жылы 42 доллардан сатып алган болсо, анын баасы 2006-жылы 55 долларга кымбаттаган. Ал эми үстүбүздөгү жылы кубометрин 100 доллардан сатып алууда.
XS
SM
MD
LG