Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

КЫРГЫЗДЫН “БУРЖАНАДЗЕСИ” КИМ БОЛОТ?


“Лица” гезити, саясат таануучу Сыргак Абдылдаевдин учурдагы шайлоо өнөктүгүнө ой калчаган макаласын басты. Сыргак мырза, тилекке каршы шайлоонун жакшы жактары байкалбай жатканын, партиялардын тизмесиндеги алдыңкы он орун баягы але аты-жыты тааныштардан, көбү элди же чарчатып, же иренжитип бүткөндөрдөн турарын белгилейт. Шайлоо жарышынын алгачкы күндөрүндө бийликтин “Ак жол” партиясынан кийинки алдыңкы орунду “Социал-демократтар” партиясы алат деген божомол А.Атамбаевдин кызматтан кетиши менен жана Байсаловго байланышкан окуялардын кийин анын жолун туман басканын, эми мындан аркы негизги күрөш “Ак жол” менен “Ата Мекендин” ортосунда жүрөрүн кеп кылат. Саясат таануучу андан ары “Ак жолдун” тизме башында 12 жыл бою өткөн бийликке жандилинен кызмат кылган Чолпон Баекова турарын, ушул айымдын Конституцияны каалагандай бычып бергенинен улам Акаев 14 жыл бою бийликте олтурганын, анткен менен эң жогорку кызматта жүргөн бул айымдын таза экендигине көлөкө түшүргөн бир жагдай барын мисалга тартып, мындан 7 жыл мурда Бишкектин чок ортосуна баасы 2 миллион долларлык хансарай куруп алгандыгы тууралуу чуу чыкканын эске салат. Бирок дейт Сыргак мырза, ошо кезде Конистутциялык Сотту көздөй эки жол кетер эле. Бири чындык издеп чыркырагандардын Фемидага кирчү жолу. Экинчиси ошол эле Баекова олтурган сот имаратында олтурган бүткүл кыргыздардын күйөө баласы Адил Тойгонбаевга Кыргызстандын бардык мекем-ишканаларын башкараган дөө-шаалар келип, салам берип, каттодон өтүп турчу жолу. Ошондуктан бийлик Баекованы Жогорку Кенешке спикерликке көрсөтүп кыргыздын Буржанадзеси кылгысы келген оюнунун ишке аша койуусу күмөн дейт. Ал эми ушул эле орунга № 2-талапкер А.Мадумаровду эски бийликке да, эмики бийликке да Чолпон Баекова сыяктуу эмгеги сиңди деп айтуу кыйын. Анын үстүнө Мамлекеттик катчы болуп туруп жаза басып алган жагдайлары аз эмес. Адахан Кимсанбаевич кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы, маркум Рысбек Акматбаевдин чакыруусу менен ал өткөргөн тойго конок болуп барган. Мунусу менен ал КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кылмыш дүйнөсүнүн лидеринин коомунда бийликтин ырасмий жүзүн аралаштырган жогорку чөйрөдөгү жетекчилердин ичинен биринчи болгонун жана журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу айткан орозкел сөздөрүн ММК чуу кылып жибергенин келтирип, А.Мадумаровдун да келе турган парлементте спикер болуу мүмкүндүгү аз деген бүтүм чыгарат.

“Алдыдагы шайлоодон эмнелерди күтөсүз? Добуш бересизби?” деген суроо менен бүгүн жарык көргөн “Общественный рейтинг” гезити айрым жарандарга кайрылды. ММКлар боюнча Ош ресурстук борборунун регионалдык координатору Алмаз Исманов, сөзсүз добуш берем, мурда өлкөдө өзгөрүү болоруна ишенчи эмесмин, азыр болсо кырдын кырында турабыз, шайлоодон күткөнүм эле бир партиянын үстөмдүгү болбой бардык партиялардын шайланып келсе деп ойлойм, ал эми Э.Байсаловдун жасаган ишинен эч кандай деле коркунучту көргөн жокмун, өзгөчө Боршайкомдун мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын шайлоо жарышына катышып жаткандарга саясый баа берип жатканы таң калтырды десе, журналист Замир Өсөров, админстративдик күч мурдагыдай болбойт, парламентке жок эле дегенде 4 партия келет, ал эми бюллетенге байланыштуу мынчалык чуу түшүштүн кереги жок эле, илгери совет доорунда деле шайлоо бюллетендери шайлоого бир жума калганда гезиттерге жарыяланчу. Бюллетендер менен шайлоо болгон күнү гана таанышуу керек деген сөз болбогон кеп десе, бейөкмөт уюмунун төрайымы Токтайым Үмөталиева, добушумду берем, бирок бул шайлоо өнөктүгү Шайлоо Кодексин аябагандай бузуу жолдору менен өтүп жатат. Э.Байсалов менен болгон окуя Кыргызстанда күч органдарына профессионал эмес кадрлар келип иштеп калгандыгын көрсөттү. Ошол эле учурда Орусияда ММКлары шайлоо бюллетендерин күн мурунтан эле ачык жарыялап, шайлоочуларын тааныштырып жатты. Ошон үчүн Борбордук Шайлоо Комиссиясы керек болсо аны элге жарыя кылып, кандай добуш берүү керектигин көрсөтүп чыгуусу зарыл болучу деп жооп берген.

“Де-факто” гезити экс-депутат Өмүрбек Бабановдун Казакстандын жарандыгы экендигин тастыктаган Казакстандын Ички иштер министрлигинин ырасмий маалыматы интернетке жарыяланганын, алтургай Бабанов Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Жамбыл районунун Ильич кыштагында, Жибек жолу көчөсүндөгү №96 үйдө жашайт деп турганын, минген машинасы да Жамбылда катталганын белгилеп, кезинде ушундай себептен улам Боршайком Урмат Барктабасовду президенттикке атаандаштыктан алып салган болучу, бу жолу Бабановдун башка өлкөнүн жараны экени такталса аны шайлоодон четтетүү керек деп жазды. Гезит аркылуу ошондой эле көзү ачык Бурулсун Төлөмүш кызы өз аянына таянып, ушул шайлоодо депутат болом деген 5 эркек менен 1 аялдын өмүрүнө коркунуч келип турганын айтса, саясат таануучу Нур Омаров келаткан жайда президенттик шайлоо болорун, Атамбаевге эми мындан ары чоң кызмат бергенге Бакиев кызыкдар эместигин, болсо Түркияга элчи болорун айткан.

Гезит булардан тышкары белгилүү коомдук ишмер И.Абдуразаков менен аңгеме-дүкөн курду. Ишенбай мырза өз сөзүндө, азыркы абал сымаптай кылтылдап турганын, шайлоочулардын көбүнүн ойлогону бир, айтканы башка, кылганы бөлөк экенин, бирок чындап эле элдин эркине койсо бир да партия басымдуу көпчүлүктүн көңүлүн алалбастыгын, бүгүн өлкөдө Орусия менен Казакстандан өрнөк алчудай, бир партияны көзүр тутуп, калган үч-төртөөн демократиянын карааны үчүн отургузуп коюу аракети болуп атканын, бирок мындан майнап чыгары шектүү экенин, эгер шайлоо обу жок бурмаланып, нааразылык массалык масштабга жетсе өлкө биримдиги дагы жукарарын, бийликке ишеним дагы тайыздарын, жакын арада президенттик шайлоонун кереги жоктугун айткан И.Абдуразаков мырза, ансыз деле өлкөнүн өп-чап казына каражатын жалаң ушул шайлоо, референдум өңдүү алкымы чоң, бирок пайдасы аз саясый иш-чаралар мойсоп келатканына окурмандардын назарын бурган. Гезиттин дагы бир баарлашуусунда академик Абдыганы Эркебаев, азыркы шайлоо тизмесин баягы эле байлар менен бизнесмендер түзүп, алар байлыгын коргоого калкан ичздеп бараткандай көрүнөрүн, Атамбаевдин шайлоо өткөндөн кийин кетпей ага чейин кеткенине өкүнгөнүн, негизи анын кетиши Бакиев менен мамилеси келишпей калгандыгы болгондугун, муну өлкөдөгү кадрдык туруксуздуктун белгиси деп эсептээрин кеп кылган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG