Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

ОППОЗИЦИЯ ТИЛЕКТЕШТИГИН БИЛДИРДИ


Бүгүн “Ата мекен”, “Асаба”, “Ар намыс”, “Мекен” (Родина) жана Жашылдар партиясы биргеликте жыйын өткөрүшүп, босогодо турган парламенттик шайлоо учурунда мыйзамсыз иш-аракеттерди болтурбоо жаатында тилектештигин билдиришти. “Ата мекен” партиясы шайлоо алдындагы иш-чаралар бийлик тарабынан дээрлик мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын, эгер шайлоо күнү добуштарды бурмалоо боло турган болсо мыйзам чегинде иш-чараларга бара турганын билдирди. Ал эми “Асаба” партиясы шайлоочулардын саны эң аз болгон Талас облусунда катуу көзөмөлдү орнотууну сунуштады.

“Ата мекен” партиясынын лидерлери жана бир канча партиянын өкүлдөрү катышкан жыйында, парламенттик шайлоого карата үгүт иштери үчүн бөлүнгөн мөөнөттүн бүтүп бараткандыгына байланыштуу алгачкы жыйынтыктар чыгарылды. Жыйынга катышкан бардык партиянын өкүлдөрү бийлик адамдары үгүт иштерине бут тосууларды уюштуруп жатышканын, оппозициялык маанайдагы партияларга УТРК аркылуу өздүк программаларын элге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенин, административдик ресурстар кеңири колдонулуп атканын билдиришти. Ошондой эле алар өз тарапкерлерин шайлоо күнү добуштарды бурмалоого жол бербегенге биргеликте аракет кылууга үндөштү. “Ата мекен” партиясынын лидерлеринин бири Темир Сариев мындай дейт:

- Биз ушул үгүт иштери аяктап келаткандыгына байланыштуу жалпы шайлоого байланыштуу иштердин жыйынтыгын чыгардык. Бүгүнкү бийлик бардык мыйзамдарды бузуп, шайлоо кодексин бузуп, конституцияны бузуп, бийликтин күчүн колдонуп, өздөрүнүн бийлигин сактап калыш үчүн, жылуу, майлуу орундарын сактап калыш үчүн бардык иш-чараларды көрүштү.

Ал эми Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Төлөйкан Исмаилованын айтымында, бардык иштер ушул бойдон бара берсе алдыдагы парламенттик шайлоо мыйзамсыз болуп калат. “Шайлоо кодекси жана ар кыл нормалардын бузулуп жаткандыгы тууралуу далилдер көп”,- дейт ал:

- Мына бүгүнкү күн элдин бардыгына мобундай буклеттер, маалымат кагаздары тапшырылып атат. Эртең мененки сегизден, кечки онго чейин шайлоо учаскаларынын эшиги ачык болот деп. Норма боюнча кечки сегизде учскалардын эшиктери жабылыш керек. Анткени бюллетендер эсептеле баштайт.

БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматовдун пикиринде, оппозициялык партиялардын жүйөлөрү көп жагынан негиздүү. Анын ырасташынча, БШК бир катар иштерди убагында чечкен болсо жана анын бир катар мүчөлөрү өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылганда БШКнын абройуна шек келмек эмес:

- Булардын койгон сынына мен макулмун. Мен БШКнын мүчөсү катары өзүмдү ыңгайсыз сездим. Тилекке каршы биздин БШКнын өз ишине болгон мамилесинен улам көптөгөн жасалма проблемалар жасалып, БШКнын абройуна чоң шек келтирип атат.

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо, шайлоо канчалык жакындаган сайын мамлекеттик машина ошончолук катуу иштеп жатканын айтып, эгер туура эмес иштер болсо мыйзам чегинде шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аракет кылышарын айтты:

- Эгер шайлоонун жыйынтыгы мыйзамсыз болсо, эл бул шайлоону, бул бийликти кабыл албайт. Андай боло турган болсо элге таянып мыйзам чегинде бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганга аракет кылабыз.

XS
SM
MD
LG