Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

“АТА МЕКЕНДИН” ҮГҮТ УНААЛАРЫН ЭМНЕ ҮЧҮН КАРМАШТЫ?

  • Ырысбай Абдыраимов

13-декабрь түнкү саат экилерде “Ата Мекен” партиясынын үгүт материалдары жүктөлгөн автоунааны Токтогул райондук ички иштер кызматкерлери кармап, камап коюшкан. Раймилициянын короосуна түндө киргизилген автомашина эртең менен он жарымда гана коё берилген. Бул окуяны партиянын өкүлдөрү үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратууга жасалган аракет катары баалап жатышат. Ошол эле маалда облустун бир нече райондорунда үгүт иштерине тоскоолдуктар жасалууда.

“Ата Мекен” партиясынын үгүт баракчалары жүктөлгөн автоунаа түн ортосунда Токтогул районундагы Чычкан капчыгайына коюлган бекетте токтотулган. Баткен облусуна бараткан автомашина ошол замат райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, ал жерде тогуз саатка жакын камалган. Үгүт унаасын кармоо маалында райондук ички иштер жана кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчылары улуттук коопсуздук кызматы менен прокуратуранын кызматкерлери болгондугун партиянын Токтогул районунда болгон лидерлеринин бири Өмүрбек Абдрахманов маалымдады. Автоунаанын кармалышын ал административдик ыкмалардын колдонулуп жаткандыгы жана “Ата Мекен” партиясынын үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратуу иши катары баалады.

Тартип сакчылары үгүт машинасынын кармалгандыгын расмий түрдө катташкан эмес.Партиянын райондогу шайлоо штабынын башчысынын орунбасары Нурлан Жаналиевдин телефон аркылуу билдиргенине караганда үгүт автоунаасын кармоо себебин тартип сакчылары түшүндүрүп беришпей, милициянын жергиликтүү жетекчилери эртең менен Жаналиевди кабыл алуудан баш тартышкан.

- “Ата Мекен” партиясынын саясий үгүт иштерин жүргүзүү боюнча материалдарын түнкү саат экилерде Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Аманбек Акунов баш болуп жүк жүктөлгөн машина ички иштер башкармалыгына алып келип камап коюшту. Эртең мененки саат тогузга чейин бул жерде кармап жатышты. Маселени эртең менен келип чечебиз деп коюшту,- дейт Жаналиев.

Облуста партиянын үгүт иштерине бут тосуулар дагы эле улантылууда. Алабука районунда белгисиз адамдар партиянын штабына илинген көрнөк-жарнактарды жулуп кетишкен. Бейтааныш кишилер облустук жана Жалалабат шаардык штабдын башчылары Асылбек Текебаев менен Ильичбек Нарматовдун автоунааларын түндө сүзүп өтүүгө аракет кылышкан. Алабука, Аксы, Токтогул райондорунда партиянын үгүтчүлөрү белгисиз адамдар тарабынан коркутулгандыгын Асылбек Текебаев айтып берди.

- Административдик ресурстар бийлик тарабынан оппозициялык партиянын саясий компаниясына каршылыктар болуп жатат. Алабука, Аксы районунда биздин активисттерге белгисиз адамдар келип, “Ата Мекен” партиясынын үгүт иштерин жүргүзсөңөр келечегиңер жакшы болбойт деп коркутуп, үркүтүү болгондугу жөнүндө бизге жер-жерлерден маалыматтар келип түшүп жатат, дейт Асылбек Текебаев.

Партиянын Токтогул районунда үгүт автоунаасы кармалгандыгы тууралуу маалыматты облустук ички иштер башкармасы жокко чыгарды. Башкарманын 1-орунбасары Таалай Төрөкановдун түшүндүрмөсүнө караганда кечээ Жалалабат шаарында бир жаш адам белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлүп, автоунаасы талкаланып кеткен. Адам өлтүргөндөрдү табуу максатында облус аймагына “Кармоо” операциясы киргизилген. Аталган операциянын жүрүшүндө облустун жолдорунда жүргөн автоунаалар текшерилүүдө.

-“Ата Мекен” партиясынын автоунаасы кармалган эмес. Ал жерде ар бир унаа тосулуп, текшерилип жатат. Токтогулдан тартып Оштун чек арасына чейинки постторду уюштурганбыз,- деди Таалай Төрөканов.

Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов административдик ыкмаларды пайдалангандыгы тууралуу расмий кайрылуулар түшө электигин жана өзү андай көрүнүштөргө каршы тураарын билдирди .
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG