Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

“24.kg» агенттиги Кыргызстан парламентине Казакстан жараны талапкерлигин коюп жатканын, ал социал-демократиялык партиянын саясий кеңеш мүчөсү Өмүрбек Бабанов экенин жарыялап чыккан. Бейшембиде Ө.Бабанов Казакстан жарандыгын албаганын, парламент шайлоо алдында калп маалымат тараткан агенттикти сотко бере турганын билдирди. Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы «24.kg» агенттиги жарыя кылган маалыматтарды суратып алганы кабарланды.

Өмүрбек Бабанов Москвада жогорку окуу жайын бүткөн соң Казакстандын Жамбыл шаарында иштегенин, советтик паспорттор алмаштырылганда 1995-жылы жаңы паспорт алганын, аны 1998-жылы тапшырып бергенин, Казакстан жарандыгын албагандыгын, анын жарандыгы мындан эки жыл илгери парламент шайлоо алдында сотто териштирилгенин маалымдады.

- 2005-жылы мен парламенттик шайлоого талапкер болгонумда менин атаандашым «Арнамыс» партиясынын мүчөсү Кубанычбек Турдукулов жарандыгым боюнча сотко берген. Ошол соттун менин Казакстандын жараны эместигим тууралуу чечими бар.

Парламент шайлоо алдында жалган кабар тараткан агенттикти Ө.Бабанов сотко бере тургандыгын билдирди. Социал-демократтар Эдил Байсаловдун айынан партия эсебинен төлөнчү 20 миллион ашуун сомду да сотто талаша тургандыгын жарыялашты. Ө.Бабановдун айтуусунда, Э.Байсаловдун өзү бүгүн-эртең Казакстандан келип, адвокаты менен тергөөчүлөрдүн суроосуна жооп бермекчи. Негизи шайлоо бүлетендерине байланышкан иштерде бүдөмүк жагдайлар биртоп.

- Эмне үчүн жашырын сырды жарыя кылбоо тууралуу тилкат алынган эмес? Фотокамералар, фотоаппараттар, чөнтөк телефондор алынган эмес? Бул жерде талаштуу жагдайлар абыдан көп.

Парламент шайлоо алдында социал-демократтарга бут тосуулардын арбып баратышын партия жетекчиси Алмазбек Атамбаев момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрдү.

- Эгер мен азыр премьер-министр болсом мындай оюндар, булганч оюндар, мисалы Эдил Байсаловдун айланасындагы оюндар, мүмкүн аз болор беле, кыязы, мына ушул фактор себеп болду окшойт.

Алмаз Атамбаев бирдиктүү Кыргызстанды сактап калыш үчүн коомдогу саясий күчтөрдүн мунасага келиши зарыл экенине токтолуп, парламентте күчтүү оппозиция болушу керектигин эскерте кетти.

- Ал үчүн, албетте, парламентте күчтүү оппозиция болуш керек. Анткени, күчтүү оппозиция болмоюнча жанагы көмүскө чечимдер алына берет.

Мурдагы өкмөт башчынын пикири боюнча, жер-жерлерден жарым пайыздан добуш топтоо талабы барып-келип жыйынтыгында чоң чырга алып келиши ыктымал.

- Жанагы 0,5% тоскоол чындыгында 5% тоскоолун мисалы, Таласта, Ошто 14% жеткирип жатпайбы. Бул алдын-ала чырга түртчү тоскоол. Ошол 0,5% балээ чыгышы мүмкүн.

Ө.Бабановдун Казакстан жарандыгы тууралуу кабарды жарыя кылган «24.kg» агенттигинин кабарчысы Наргиза Юлдашева жетекчиликтин уруксатысыз макаласы тууралуу эч нерсе айта албастыгын билдирүү менен чектелди.

- Мен билбейм, ким макул болсо ошол айтат го. Мен журналистмин, мен айта албайм, агенттиктин атынан жетекчилик гана сүйлөй алат.

Ал эми агенттиктин башкы редактору Антон Лымардын жообу андан да кыска болду.

- Бул суроого эч ким жооп бербейт,- деп айтты ал.

Өмүрбек Бабанов эч качан башка өлкөнүн жарандыгын алууга кызыкпагандыгын, анысын эл алдында көрсөтүш үчүн калпты аныктоочу сынагынан өтүүгө деле кайыл экенин жашырган жок.

- Жалаң эле бейөкмөтчүлөрдүн көз алдында эмес, телекамералардын алдында өтүшкө даярмын.

Мындан тышкары партия Борбордук шайлоо комиссиясын кетирген кемчиликтери үчүн сотко берүүгө камынып жатат.
XS
SM
MD
LG