Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

АЖЫГА КЕТКЕНДЕР ШАЙЛООГО КАТЫШПАЙТ


Бүгүн Кыргызстандан ажыга барчу зыяратчылардын акыркылары Саударабстанга сапар алды. 4500 дөй зыяратчынын бири дагы парламенттик шайлоого катыша албайт. Анткени алар Кыргызстанга 26-декабрдан баштап кайтып келишет. Мекеде болсо шайлоо сыяктуу саясий иш-чара өткөрүүгө уруксат жок.

Биз оболу шайлоого катыштырылбай калган кыргызстандык зыяратчылардын пикирин билүү үчүн Мекеге байланышка чыктык. Мекедеги Кыргызстандын ажылык штабынын башчысы Канат Мырзахалимов мындай дейт:

-Мекедеги зыяратчылардын көпчүлүк бөлүгү биз эмне үчүн өзүбүздүн конституциялык укугубуздан ажырап калдык, биз добуш беришибиз керек эле деген пикирде жүрүшөт. Бирок, бул жерде – Саударабстанда шайлоо өткөрүүгө болбойт. Ажылык учурда эч кандай саясий иш-чаралар өткөрүлбөйт деп бизге расмий эскертишкен.

“Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев ажыга кеткен 4500дөй жаран үчүн алдынала добуш берүү уюштурулбагандыгына таң калды. Борбордук шайлоо комиссиясынан бир ай мурун ага ажыга кетип жаткандардын добуш берүүсүн “Манас” жана Ош аэропортторунда уюштурабыз деп айтышкан экен. Зыяратчылардын добуш берүүсүн камсыз кылбагандыгы үчүн ал Борбордук шайлоо комиссиясын, жалпы эле мамлекеттик бийликти күнөөлөп, муну Кыргызстанда мурдатан келаткан шалаакылык өнөкөт катары баалады.

Бишкек шаар тургуну Абдыхалил Жамалдинов
ажы сапарындагылар үчүн добуш берүү иш-чарасынын уюштурулбагандыгы үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикти айыптайт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректири Тойгонбек Калматов болсо дегеле өздөрүнө күнөө жуутканы жок. Кезинде ал жөнүндө Кыргыз өкмөтүнө, Президенттик акимчиликке айткандыгын, 7-8 жолу Борбордук шайлоо комиссиясынын, анын төрайымынын алдына маселе кылып койгондугун, бирок бүлүтөндөрдүн кайра басылышы сыяктуу жагдайлардан улам маселе чечилбегендигин айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев болсо ажыга кетип жаткандар үчүн добуш берүүнү уюштуруу Борбордук шайлоо комиссиясынын олтурумуна алынып чыкпагандыгын, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин койгон маселеси тууралу жеке өзү эч нерсе билбестигин маалымдады.

Акылбек Сариевдин айтуусунда, 10-декабрдан баштап гана алдынала добуш бердирүүнү уюштурууга уруксат болуптур.

Көпчүлүк зыяратчылар 10-декабрдан кийин кетишкен. Демек, ажы сапарындагылар үчүн алдынала добуш берүү уюштурууга мүмкүнчүлүк болмок экен. Буга карата Бишкек шаардык казысынын орунбасары Алмамбет Сүйөркулов чоң өкүнүч билдирди.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 16-декабрда болсо, ажылык зыяраттар жасалчу Курман айт 19-декабрда.
XS
SM
MD
LG