Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:10

БОРБОРДУК БАНКТАР КРЕДИТТИК КРИЗИСКЕ КАРШЫ БИРГЕЛЕШИП ИШТӨӨНҮ КӨЗДӨӨДӨ


Дүйнөнүн ири өлкөлөрүнүн Борбордук банктары азыр глобалдык мүнөзгө ээ болуп бара жаткан кредиттик кризиске каршы биргелешип чара көрүүнү макулдашты. Башкача айтканда, борбордук банктар коммерциялык банктарга алар өз кардарларын тейлөөнү үзгүлтүккө учуртпашы үчүн миллиарддаган доллар насыя берүүгө даяр болуп жатышат. Адистер муну дүйнөлүк банктар ортосунда буга чейин орун албаган макулдашуу катары баалашууда, бирок биргелешкен план иштеп кетер-кетпеси азырынча белгисиз.

Британиялык "Guardian" басылмасы бүгүнкү санынында жазгандай бир нече ай мурда Кошмо штаттардан башталган ипотекалык кризис, азыр "гангрена" илдети сыяктуу глобалдык финансылык системага жайыла баштаган кези. Эми анын тааасирин жеңилдетүү үчүн биргелешип аракеттенүүнү АКШнын Федералдык резерв системасы, Европанын Борбордук банкы, Канада менен Англиянын борбордук банктары жана Швейцариянын Улуттук банкы макулдашкан. Жапония менен Швециянын борбордук банктары ал планга кошулбаганы менен макулдашуунун жетишилишин кубатташты.

Адистер белгилеп жаткандай, борбордук банктардын биргелешкен чаралары каржы системасындагы илдетти токтотуп, ишенимди калыбына келтирүү дегенди туюндурат.


Алдыдагы бир нече аптанын аралыгында, Борбордук банктар коммерциялык банктар алардан миллиарддаган доллар нак акчаны жана кредиттик кепилдиктерди жеңилдетилген шартта ала алуусуна мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Мындай чечим быйыл эле өзүнүн проценттик ставкаларын үч ирээт арзандаткан АКШнын Федералдык резерв системасы тарабынан координацияланган. Федералдык резерв системасы АКШда Улуттук банк катары эсептелинет.

Адистердин айтымында, биринчиден азыр коммерциялык банктар утурумдук мөөнөткө бири –экинчисине каражат берүүдөн чоочуп калган кези. Экинчиден, алардын сырттан көп каражат тарта албашы кардарларга кредит берүүнүн тартибин күчөтүүгө, проценттик ставкаларды жогорулатууга алып барат. Проценттик ставкалар демекчи ипотекалык кредиттер боюнча маселе чыккан АКШ менен Британияда акыркы айларда борбордук банктардын муну төмөндөтүүсү коммерциялык банктардын проценттик ставкалары азайуусуна алып барган жок.

Эми борбордук банктар коммерциялык банктарга өзүндөгү каражатты жеңилирээк тартипте берүү менен алар да кардарлар үчүн ошондой шартты камсыздоосуна жетишүүнү көздөөдө. Анткени дүйнө экономикасы акчанын эркин агылып, айланып туруусуна муктаж. Кредиттик кризис жана анын шарапаты менен бизнести каржылоо шарттарынын татаалдашуусу дүйнө экономикасынын өсүү ыргагын жайлатат деген кооптонуулар болгон эле. Каржы маселеси боюнча америкалык аналитик Том Метзолд борбордук банктарынын чечиминин мааниси тууралуу мындай дейт:

- Бул экономика азыркы кеселден, орун алып жаткан төмөндөoдөн оңолуусу үчүн бир аз жеңилирээк болот дегенди гана туюндурат. Себеби банктар, башка кредиттик мекемелер ала алгыдай жана алар элге азыркы төмөндөөнүн жана базардагы кыйынчылыктардын шартындаа иштөөсүнө жардам бере алгыдай акча болот.

Бирок, борбордук банктардын чарасы иштеп кетеби же кетпейби, азырынча айтуу кыйын. Мунун негизги себеби катары АКШда жана башка өлкөлөрдө ипотекалык кредитти төлөй албагандардын саны, банктардын жоготууларынын өлчөмү канча болору толук белгисиз экендиги аталууда.

Дүйнөнүн кадыр-барктуу экономикалык басылмаларынын бири, британдык "Financial Times" гезити бүгүнкү санында жазгандай, негизги көйгөй төлөө жөндөмдүүлүгүнө эмес, каржы рыногунун гана утурумдук дүрбөлөңгө түшүп жатышына байланыштуу болсо, борбордук банктардын куткаруу планы иштеп кете алат.

Ал эми проблемалар каржы рыногундагы ишеним кризиси гана эмес, андан тереңдеп кеткен болсо, борбордук банктар куюуучу акча, узак мөөнөттү эске алганда жардам бере албайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG