Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

18:45 «Ак жол» партиясынын үгүт жыйынына катышуудан баш тарткан мектеп окуучусу жабыр тартты


Сокулук районундагы №1 орто мектептин спорт залында 12-декабрда «Ак жол» партиясынын жолугушуусу өтүп, ага жогорку класстын окуучуларынын да катышуусу талап кылынган. Ал жолугушуу аяктай электе чыгып бара жаткан 10- класстын окуучусу Ассатилде уулу Дубандын алдын тоскон айрым уюштуруу өкүлдөрү окуучуну муунтууга чейин барышкан. "Окуучу ошол жерден эсин жоготуп, учурда райондук ооруканада жана абалы калыбына келбей жатат,"- деп билдирди жабыр тарткан окуучунун атасы Ассатилде Кулов. Ал эми жолугушууну уюштургандар мындай көрүнүш болгон жок деп билдиришүүдө. Ал эми аталган мектептин директору ишти аягына чыгарууга аракет кылаарын убада кылды. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG