Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

БАЛИДЕГИ КЛИМАТ ФОРУМУ: АКШ ДАГЫ ЖАЛГЫЗ КАЛДЫ


Эгер Балидеги конференцияда Киото келишимин алмаштыра турган жаңы документ кабыл алынбаса,анда климаттагы өзгөрүштөрдүн салакаларын азайтуу багытында буга чейин жасалган аракеттердин баары текке кетет, деп эскертти бул жерде аяктап жаткан эл аралык форумдун төрагасы Иво де Боер. Жаңы документтин негизги позициялары аныкталды, бирок конкреттүү бир катар милдеттерге айрым өлкөлөр, айрыкча АКШ караманча каршы чыгууда.

Балидеги конференцияда климаттын бузулушун алдын алуу жагынан чукул жана тыкыр чаралар көрүлбөсө, адамзат жакынкы аралыкта эле табигый апааттарга туш болорун, бир катар аймактарды кургакчылык каптап, ачарчылык жайыларын, дүйнөлүк океан көтөрүлүп, көп жерди топон суу басарын Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да катуу эскертти. “Тике коюлган соболдордон буйтактап качканга болбой калды, - деп айтты баш катчы. - Илимий корутундулар климат өзгөрүлүп жатканын көзгө сайып көрсөтүп отурат,анын кесепеттери да реалдуу боло баштады, эми чындап ишке кирише турган убакыт келди”.

Киото келишиминин мөөнөтү 2012-жылы бүтөт. Бали конференциясы анын ордуна жаңы документ иштеп чыгып, климаттагы өзгөрүштөрдү азайтуу багытында келерки он жылдыктарда көрүлө турган программалык иш-аракеттерди аныктоо максатын көздөп чакырылган.

Жыйында негизги позициялар жалпы жонунан макулдашылды, конкреттүү милдеттер да белгиленди. Атап айтканда,эксперттер менен илимпоздор өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдү 2020-жылга чейин зыяндуу газ калдыктарын атмосферага чыгаруунун көлөмүн мындан он беш жылдагыга караганда 25-40 процентке кыскартууга милдеттендирген жобону сунуш кылышты. Дал ушул нормага АКШ кайрадан каршы чыкты. Канадалыктар да жаңы конвенцияга АКШ кошулбаса,анда Балиде кабыл алына турган чечимдин эч кандай мааниси болбой турганын айтышууда.

Конференцияда конкреттүү чечимдер кабыл алынбаса,Евросоюз климат чөйрөсүндө АКШ менен жүргүзүп келаткан сүйлөшүүлөрүн таптакыр токтотуп саларын Германиянын экология министри Зигмар Габриэл эскертти. Бул позицияны бышыктап, Португалиянын айлана-чөйрө маселелери боюнча мамлекеттик катчысы Хумберто Роза да Вашингтондун позициясына терең өкүнүчүн билдирди жана мунун айынан “Бали картасы” деп аталган маанилүү документти кабыл алуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин белгиледи.

Балидеги жыйын маалында Австралиянын жаңы премьери Кевин Радд Киото келишиминин ратификациядан өткөрүлгөн нускасын Улуттар Уюмунун баш катчысына өз колу менен тапшырды. Радд жаңы өкмөт “климаттын өзгөрүшүн азыркы кылымдын моралдык,экономикалык жана экологиялык чоң чалкеш маселеси деп эсептей турганын” айтып, Австралия бул “проблеманын жоопкерчилигин өзүнө алганга толук даяр экенине” ишендирди. Киото протоколу Австралияда ушу кезге чейин ратификацияланган эмес эле.

Өнүккөн өлкөлөр арасынан эми Киото келишимин ратификациялабаган жалгыз АКШ калды. Деген менен АКШдагы экологиялык борбордун президенти Эйлин Клоссен Вашингтон түбү барып эл аралык конвенцияга кошулат деп эсептейт. Киото келишими Кошмо Штаттарысыз эле дүйнөдө өтө чоң роль ойногонун белгилеп, Клоссен эмдиги администрация маселеге кыйла жооптуу карай турганына, бу чөйрөдө жетишилген ийгиликтер Балиде кабыл алынганы жаткан чечим менен дагы бекемделерине ишенич билдирди.

XS
SM
MD
LG