Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗСТАНГА ГАЗДЫ КЕЛЕРКИ ЖЫЛЫ БЫЙЫЛКЫДАН КЫМБАТ САТАТ


Сарыгулова Бурулкан , Бишкек Кыргызстанда келерки жылы газды пайдалануу акысы дагы кымбатташы күтүлүүдө. Муну «Кыргызгаз» акционердик ишканасы Өзбекстан жаңы бааны сунуштап жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Ушул тапта «Узтрансгаз» менен «Кыргызгаз» ишканалары газды сатуу жана сатып алуу баасын тактай албай жатышат. 2008-жыл үчүн Кыргызстан сатып ала турган газдын баасы боюнча акрыкы чечим 20-декабрга чейин кабыл алынганы турат.

Кыргызстандын кызыкчылыгын жактаган “Кыргызгаз» ишканасы Өзбекстан сунуш кылган газ баасын сүйлөшүүлөргө тоскоол болот деп, сыр катары кармап турат. Ишкана башчысы Саламат Айтикеевдин билдиргенине караганда, газдын кымбаттаары турган иш:

- Ачык айтканда газ кымбаттайт. Биз 130 доллар сунуштап жатабыз. Алардын сунушу мындан бир топ жогору.

Өзбекстан акыркы үч жылда газдын баасын 2,5 эсе көтөрдү. Мындай жаңы баа саясатын бул өлкө дүйнөлүк рынокко теңелүү максаты менен байланыштырууда. Дүйнөлүк баа азыр газдын миң кубуна 300 доллардан айланууда. Бирок, бул Кыргызстан өңдүү газга муктаж өлкө үчүн кыйын жагдайды түзүүдө. Ошондуктан, «Кыргызгаз» ишканасы газдын баасын ылдыйлатуу үчүн бийик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр зарыл деп эсептеп жатат:

- Алардын жардамы бизге зарыл. Кандай болгон шартта да алардын макулдугу болмоюнча мен контрактка кол койбойм, - дейт Айтикеев.

Буга чейин ишканалардын деңгээлинде бир нече баскычта сүйлөшүүлөр жүрдү. Кийинки сүйлөшүү качан кайсы деңгээлде болору азыр белгисиз. Ошентсе да кыргыз тарап бийик сүйлөшүүлөр жүрүп, анда өз ара түшүнүшүү болоруна үмүт артып турат:

- Өткөн жылы деле Өзбекстан газды150 долларга баалап, бирок, акырында президенттин колдоосу менен кепке келишкенбиз. Принцибинде Өзбек тарап социалдык маселеге түшүнүү менен карайт деп ойлойм,- деди Газ чарбачылыгынын Бишкек башкармалыгынын башчысы Алишер Бейшеналиев.

Кыргызстан быйыл газдын миң кубун 100 доллардан сатып алууда. Ага жараша керектөөчүлөр үчүн газдын бир кубу 5 сом 10 тыйындан айланууда. Эгер Өзбекстан бааны дагы 50%ке көтөрсө керектөөчүлөр үчүн баа 30%ке өсөт. Бул калктын чөнтөгүнө кыйла оорчулук алып келери турган иш. Анткени, ушу тапта калктын жана ишкана-мекемелердин «Кыргызгазга» карызы 300 млн. сом болду. Ошол эле мезгилде ишкананын «Узтрансгазга» 3 млн. доллар карызы бар.

- Газ эмес, биздин эл электр энергиясын төлөй албай атпайбы. Көпчүлүк элдин туруктуу алган айлык маянасы, иши жок болсо, ошо кыйнаган турмуштун эсебинен электр энергия төлөй албай аткан неме анан газды жаккандардан төлөбөй тургандардын саны көбөйөт да, - дейт «Нефтетрейдерлер» ассоциациясынын төрагасы Базарбай Мамбетов.

Адистердин талдоолоруна караганда, Кыргызстан Өзбекстандын газына көз карандылыктан жакынкы жылдары чыгаары күмөн. Анткени, өлкөнүн түштүгүндө бар деп саналып келаткан жаратылыш газы ага болгон муктаждыктын бир пайызын жабары да күмөн. Ал эми Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинин учурунда көтөрүлгөн Кытай-Казакстан- Өзбекстан ортосунда газ куурун өткөрүү демилгеси Кыргызстансыз эле ишке ашчудай. Ушундай жагдайды эске алган адис Базарбай Мамбетовдун оюнда кыргыз бийлиги өзбек бийлиги менен сугат сууга, электр энергиясына бааны такташып, теңата соодалашуусу керек. Ал эми «Кыргызгаз» ишканасынын жетекчилиги газга болгон муктаждыкты керектөөчүлөрдүн газга акыны өз убагында төлөөнүн, газыдн ордуна отунду, көмүрдү көбүрөөк пайдалануунун эсебинен азайтса болот деп эсептейт.

Тескерисинче, Кыргызстанда азыр ишканалар жана жарандар үчүн газдан ыңгайлуу жана арзан отун жок деп эсептелет. «Кыргызгаз» быйыл «Узтрансгаздан» 930 миллион кубометр газ сатып алууну макулдашты. Анын баасын тараптар 20-декабрга чейин аныкташмакчы.
XS
SM
MD
LG