Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:32

Кремлди катуу сындап келген оппозициялык лидерлердин бири, Орусияда алдыдагы президенттик шайлоодо талапкер болушу мүмкүн деп айтылып келген Гарри Каспаров бүгүн шайлоо өнөктүгүн баштабай жатып, оюндан чыгышы мүмкүн экенин билдирди.

“Президенттикке ат салыша турган оппозициялык негизги талапкерлердин бири болуп калат” деп күтүлүп жаткан Гарри Каспаров кечээ эсти оодаргыдай билдирүү жасады. Шаршембиде анын талапкердигин жактап, демилге көтөрүп чыккан 500дөй адам менен жолугушуу болбой калган. “Москва боюнча биз үчүн бир да зал табылбай койду”, - деп зээни кейиген Каспаров Борбордук Шайлоо Комиссиясына талапкердиги тууралуу арызды бергенге эми үлгүрбөй кала турганын айтты.

Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерди тандап чыккан демилгечи топ жыйынды өткөрөөрдөн беш күн мурун БШКга билдирүү жөнөтүшү зарыл. Бирок БШКга арыздарды берүү мөөнөтү бүгүн бүтүп жатат.

Ошон үчүнбү, айтор, бүгүн Каспаровдун расмий өкүлү Марина Литвинович “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, бийлик атайылап эле Бириккен Граждандык Фронттун атынан чыкчу талапкер жолугушуу өткөрө албай калышы үчүн бут тосуп жатканын айтты.

- Кечээ кечтен тарта азырга чейин бизде жыйын өткөрүүгө Москва боюнча бир да жерибиз жок болуп жатат. Ижара акысын төлөп берели деп да жай таппай калдык. Президенттикке талапкерди көрсөтүүнү башташ үчүн жыйын өткөрүш керек делген алгачкы бул талапты, ошентип аткара албай калдык, - деди Марина Литвинович.

Анткен менен бийликтер аларга айтылып жаткан айыптарды четке кагышты. Шайлоо Комиссиясынын расмий өкүлү Алексей Кичин “Орусияда да, Москвада да адамдар түрдүү максаттарда чогула турган толтура жерлер бар” деп билдирди.

Эгер Гарри Каспаров акыркы сааттарда болсо да, эптеп, шайлоо өнөктүгүн башташ үчүн талаптарды аткарып, катталып калган күндө деле ал шайлоодо утуп чыга алмак эмес. Анткени 2-мартка белгиленген президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы В.Путиндин колдоосуна ээ болгон Дмитрий Медведев оңой эле утуп чыгаары анык болуп калды окшойт.

Ошентип, азыр орус оппозициясынын атынан президенттикке Михаил Касьянов чыга турганы даанараак болуп турат. Ишембиде анын демилгечи тобу Касьяновдун президенттикке талапкердигин расмий түрдө бекитти.

Буга чейин алдыдагы шайлоого катышуу ниетин, Касьяновдон сырткары, коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов, “Яблоко” партиясынан Григорий Явлинский, оңчулдардан Борис Немцов, Владимир Жириновский, дагы бир топ саясатчылар билдиришкен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG