Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

“АЗАТТЫК ПЛЮС” ҮЧ ЖАШТА


Элен Куленбекова 2004-жылы "Азаттык" үналгысынын ишин иликтеген Intermedia Research Институту Кыргызстанда изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында өлкө калкынын жарымын түзгөн жаштар "Азаттык" үналгысында өздөрүнө кызыктуу болгон программаларды угууну каалай тургандыктарын билдиришкен. Ошондон тарта "Азаттыктын" алкагында жаштарга арналган өзүнчө программа иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлүп, анын башында "Азаттыктын" кабарчысы Венера Сагындык кызы турду.

"Азаттык" үналгысында жаштар программасы алгачкы ирет 2004-жылдын 13-декабрында "Азаттык +" деген ат менен обого чыккан. "Азаттык+" кийинчерээк үналгы уктуруулары менен гана чектелбестен, 2005-жылдын 16-январынан тарта сыналгы аркылуу да эфирге чыга баштады. Бүгүнкү күнү "Азаттык+" жаштарга ар тараптан маалымат берчү Кыргызстандагы бирден бир программага айланды.

Учурда "Азаттык+" жаштар программасында он бир кабарчы иш алып барат. Алар: Төрөкул Дооров, Аида Касымалиева, Жанат Токтосунова, Айгүл Жунушалиева, Каарманбек Кулуев, Зейнеп Мартбек кызы, Акан Иманов, Мирлан Токталиев, Эдил Сапарбек уулу, Элеонора Бейшенбек кызы жана Элен Куленбекова.

Бул кабарчылар күн сайын жарым сааттык радиопрограмма үстүндө иштеп кыргыз жаштарын өлкөдөгү жана дүйнөдөгү алгылыктуу кабарлар менен тааныштырып турат. Мындан тышкары азаттык плюсчулар жумасына бир жолу УТРК аркылуу чыкчу "Азаттык+" телекөрсөтүүсүн даярдашат.
XS
SM
MD
LG