Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

9:15 Нарында диний мүнөздөгү баракчалар менен үч адам кармалды


12-декабрда Нарын шаарында УКМК жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан үч адам кармалып, алардан “Парламенттик шайлоолорго катышуунун шариат окуму” деген 23 нускадагы баракча, компакт-диск, видео фильмдер алынган. Ал баракчаларда бийликтин демократиялык институтун колдобоого, шайлоодо талапкер чыныгы мусулмандарга добуш берүүгө, коомдо ислам мыйзамдарын орнотууга үндөгөн. Мындай маалыматты тараткан УКМКнын басма сөз кызматы, бул каттоодон өтпөгөн “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун халифат орнотуу үчүн саясий күрөшкө өткөнүн айгинелейт, деп билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG