Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

БЕЛАРУСТА АКШдан КАЙТКАН АКТИВИСТ САБАЛДЫ


Минскиде 19 жаштагы оппозициячыл активист кечээ (12-декабр) полициядан токмок жегенден кийин ооруканага жаткырылды. Беларуска орус президенти Владимир Путиндин келишине каршы тынч мүнөздөгү нааразылык акциясында Жаштар майданынын учурдагы жетекчисин полиция эс-учун жоготуп койгонго чейин сабашкан.

Маладый фрон же Жаштар майданы деп аталган оппозициячыл уюмдун жетекчисинин кызматын аткарган Змитсер Федарук шаршемби күнү Минскидеги демонстрацияда катуу сабалып, азыр ооруканада жатат. Күбөлөргө айтканына ылайык, демонстрация тынч эле өттү, бирок тартип коргоочулар Федарукту чала жан болгончо уруп-тепкилешти. Өспүрүмдүн омурткасына доо кеткен болушу мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Минскиде демонстранттарга каршы "зөөкүрлүк менен күч" колдонгонун белгилеп, Беларус полициясын демонстрацияны кууп таркатканда Федарукту атайылап бутага алып, натыйжада ал оор жаракат менен ооруканага жаткырылганын айыптады.

"Бул окуя Беларус бийликтеринин өз атуулдарына каршы көп сандаган репрессиячыл аракеттеринин бири болуп калды",- деп айтты Мамдепартаменттин маалымат катчысы Шон МакКормак.

Федарук өткөн аптада Кошмо Штаттарында болуп, бир катар жолугушууларга катышкан эле. Активист телефондон "Азаттыктын" Беларус кызматына Беларуста бейөкмөт уюмдар көп кыйынчылыктарга туш келээрин мындайча билдирген:

- Биз Беларустун мыйзамдары тууралуу айттык. Лукашенконун режими жарандык коомдун баалуулуктарын тааныган уюмдарды коркунуч деп эсептеп, аларды каттоодон өткөргүсү келбейт. Америкада бул жөнүндө билишет жана биз бул тууралуу сөз кылдык.

Шаршембидеги демонстрациянын күч менен басылышы АКШ өкмөтүнүн Хельсинки комиссиясынын төрагасы конгрессмен Алсе Хастингсти да нааразы кылды. Федарук өткөн жумада Кошмо Штаттарында жүргөн Беларус оппозициясынын делегациясы менен катар аталган комиссияда билдирүү жасаган эле.

"Тилекке каршы президент Александр Лукашенконун режими коркуту-үркүтүүлөрүн жана зөөкүрдүгүн жакын арада токтото турган эмес. Мен Хелсинки комиссиясындагы кесиптештерим менен Федаруктун жана башка беларустардын эркиндик, демократия жана дам укуктарын коргоо үчүн болгон күрөшүн колдоого чечкиндүүбүз",- деп айтылат Хастингстин билдирүүсүндө.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG