Бул тууралуу аталган партиянын штабынан билдиришти. “Ак жол” партиясы 0,5 пайыздык чек боюнча БШК чечимин жокко чыгаруу тууралуу 28-ноябрда Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылышып, бирок сот алардын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Аталган партия сот чечимине каршы болуп Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 12-декабрда жарым пайыздык чек боюнча “Ак жолдун” арызын шаардык сот карап, район аралык соттун чечимин күчүндө калтырды. БШК 19-ноябрда Шайлоо кодексинин 77-беренесинин 2-пунктуна түшүндүрмө берип, саясий партиялар ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынын респбуликалык тизмеге кирген шайлоочулардын жалпы санынан 0,5 пайыз добуш топтошу керек деп чечкен эле. (AJ)