Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

“Ата мекен”, “Асаба”, Мекен”, “Родина” жана “Жашылдар” партиясы 13-декабрда бирге жыйын өткөрүшүп, босогодо турган парламенттик шайлоо учурунда мыйзамсыз иш аракеттерге жол бербөө жаатында тилектештигин билдиришкен. “Асаба” партиясы шайлоочулардын саны эң аз болгон Талас облусунда катуу көзөмөлдү орнотууну сунуштоодо. Буга байланыштуу “Азаттыктын” таңкы уктурууларында “Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров ой-пикир бөлүштү.

- Оппозициялык партиялардын парламенттик шайлоо учурундагы мыйзамсыз иш аракеттерге жол бербөө максатында билдирген тилектештиги канчалык деңгээлде оппозициянын ишенимин актайт деп эсептейсиз. Анткени, бийлик мындай нерсени көнүмүш каршылык катары кабыл алып, тоготмоксон болот деген пикирлер бар?

- Бийлик ошондой деши мүмкүн. Бирок биздин байкашыбызча бийлик дагы өздөрү киргизген 0,5 пайызды Талас жергесинен алышы күмөн. Ага мисал Талас жергесинде мамлекеттик машина болуп көрбөгөндөй, айыл башчысынан баштап президентке чейин бүгүн “Ак жолду” колдойсуңар деп, бардык чиновниктердин күч аракеттерин жумшап, “Ак жолду” кандай гана жол менен болбосун алып өтүү боюнча иш аракеттерин жүргүзүп жатат. Айрым мектептин директорлорун кызматтан алып, силер “Ак жолду” колдобойт экенсиңер деп, ачыктан ачык мектептерди жаап, мугалимдерге кой союлуп, арак куюлуп, сатып алуу иштер ачыктан ачык жүргүзүлүп атат. Ошондуктан биз бир топ партиялар сүйлөшүп чечтик, Талас жергесинде компактуу регион болгондугуна байланыштуу адилет, таза, ачык шайлоону үлгү катары ушул жерден катуу көзөмөлдөп, анан Кыргызстандын элине жана дүйнө жүзүнө көргөзөлү дедик. Бул ыплас шайлоо жүрүп атканынан ушундай каршы турган жатабыз.

- Талас чөлкөмүнөн “Ак жол” партиясы керектүү 13 жарым миң добушту ала албай калышы мүмкүн деп өзүңүз айтып кеттиңиз. Ошондой эле азыр баарыбызга белгилүү болгондой, “Ак жол” партиясынын 0,5 пайыздык босогону алып салуу тууралу арызы кечээ Бишкек шаардык сотунда канаттандырылган жок. Бирок бул жолу партия Жогорку Сотко кайрылып, шайлоодо “Ак жол” партиясы кайсы бир аймактан 13 жарым миң добушка ээ боло албай калса Жогорку Сот ишти партиянын пайдасына чечип коюусу ыктымал деген чочулоолор бар. Укуктук жагын айтып кетсеңиз?

- Бул маселени да 7- этажда отуруп “Ак жол” партиясын жараткан чиновниктер иштеп чыгышкан. Ошондуктан “Ак жол” партиясынын атынан запастагы вариант катары сотко атайын беришкен. Эгерде Талас жергесинен 13 же, 13 миң 800 добушту ала албай калса, алар ошол күнү же шайлоонун эртеси күнү өздөрү каалаган чечимди чыгарып коюшу да мүмкүн. Бирок бул элдин кайра кыжырын келтирет. Анткени шайлоо мыйзамы эмне “Ак жол” каалагандай, “Ак жол” үчүн түзүлгөнбү деп, элдин көтөрүлүп чыгышына алып келет.

-Кечээ мамлекет башчы Курманбек Бакиев УТРКдан чыккан түз байланыш учурунда оппозицияны сындап, ага кандайдыр бир эреже берип кетти. Жалпы дүйнө жүзү боюнча оппозиция бийликтин кылган аракеттерин, кемчиликтерин сындап, көзүнө сайып көрсөтүп, оң жолго салып туруш керек. Ал эми биздин оппозиция тескерисинче “ордуңду мага бер, сен кет, ордуңа мен барып иштейин” деп талап кылат деди. Анын бул пикири боюнча сиздин кандай көз карашыңыз бар?

- Президент “Ак жол” партиясын түзүүдөн баштап эле мамлекетте президенттик милдетин одоно түрдө буза баштады. Ал бул менин партиям, бул менин партиям эмес деп партияларды да экиге бөлүүгө аракет жасады. Бул мамлекеттин башчысы болгон, Конституциянын гаранты болгон президенттин мыйзам бузуучулугу. Эгерде укуктук мамлекет болгондо президенттин бул аракеттерин кылмыш катары эсептеп, жоопко тартууга чейин бармак. Анткени, шайлоо учурунда жарлык чыгарып, мугалимдердин, медиктердин айлыгын көбөйтүшү бул түздөн-түз сатып алуу деп эсептелет. Анысы аз келгенсип кечээги кайрылуусунда дагы ошол эле аракетти кылып, кыйыр түрдө “Ак жолду” колдоого үндөп жатпайбы.

-Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG