Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Парламенттик шайлоо алдындагы нааразы кеп-сөздөрдүн баки-жогу административдик ресурс туурасында болууда. Бийлик өкүлдөрү бирок аны жокко чыгарууда. Айрым бир аймактарда болсо бийлик партиясын диний кызматкерлер мактап жүрүшсө, экинчи бир жерде оппозициядагы партия жетекчисине олчойгон кине тагылып атат.

«Ата мекен» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев кийинки күндөрү мамлекеттик телеканал менен айрым бир маалымдоо каражаттарынан түшпөгөн саясий ишмерге айланды. Кыргызстандык көрүүчүлөргө жадыбалдай жат болуп калган экс-спикер менен тележурналист Эрнис Кыязовдун ортосундагы кайым айтыштын деми сууй электе «Агым» гезити «Жаңы ордо» гезитинен көчүрүп бир макала басты. Анда Өмүрбек Текебаев студент кезинде мурдагы КГБ менен байланышып келгендиги айтылат. Эмнеликтен андай макала жуп парламенттик шайлоо алдында чыгып калышынын себеп-жөнүн Ө.Текебаевдин өзү момундайча чечмеледи.

- Балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат демекчи, эртең шайлоого чейин ушинтип турсак дешет. Бирок эртең сот алдында жалганы чыгып, сот алдында кечирим сурары белгилүү. Бул турган сөз. Көрдүңүзбү, булар ар бир күнгө, бүгүн жалган айтсак, эртең жалган айтсак, деп күн санап иштеп калды.

Ө.Текебаевдин айтуусунда, шайлоодогу атаандаштарын жаманатты кылуу амалында аркыл амал-айлалар жасалууда. Алардын ичинде депутаттыкка талапкердин адамдык аброюна шек келтирген шойкондуу тамашасы да бар.

- 3 – 4 күн мурун борбордук аянтка, жанагы желек илинип турган жерге эки эчкини алып келип байлап, үстүнө «Текебаев» деп жазып тон жаап байлап коюшкан,- деп айтты Ө.Текебаев.

Кыргызстан Социал-демократиялык партиянын саясий кеңеш мүчөсү Роза Отунбаева Лейлек районунда дин кызматкерлери бийлик партиясына апачык үгүт жүргүзүп жүрүшкөнүн, ошондой окуянын бирөөсүнө өзү күбө болгонун билдирди.

- Анан бүткөн замат эле мен айттым: «Э, имам, сиз эмнеге саясатка кийлигишесиз, кандай акыңыз бар?» деп мен ошол эле жерден аны жакаладым. Анан ошентсем, мына жанымдагылар айтып жатышат: «Ушу Лейлектин ар бир жеринде ушундай, имамдардын баары ушу «Ак жолго» үгүт жүргүзүп жүрүшөт» дейт.

Шайлоо жакындаганда Социал-демократиялык партиянын саясий кеңеш мүчөсү Өмүрбек Бабановдун Казакстан жараны экенин жашырып жүргөнү тууралуу маалымат чыкты. Ө.Бабанов аны шайлоо алдында кандай да болсо жаманатты кылуунун аракети, айласыз амал-арга катары эсептей турганын белгиледи.

- Эң негизги себеби, бул биздин чындыкты айтканыбыз болсо керек.

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде кайсы бир партияга бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлүп, калгандарына андай мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнүн Кыргызстан коммунисттери партиясынын төрага орунбасары Николай Байло да ырастады.

- Бирок да ушу тапта шайлоо даярдыгы жүрүп жаткан чакта мыйзамга туура келбеген иштер жасалып жатканы эч кимге жаңылык деле эмес. Азыр реклама үчүн балдарды тартышууда. Биздин партияга деле балдарды кошуп реклама жасайлы десек, Борбордук шайлоо комиссиясы таптакыр макул болбой койгон. Бийлик тарабынан болсо ал жасалып эле жатат.

Президент К.Бакиев кечээ кечинде телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстанга азыр куру убада менен сын айткандан башкага жарабаган партиялардын кереги жок деп, бирок андай партиялардын катарына «Ак жолду» кошпой турганын билдирди.

- Каалаган партияны тандоого мүмкүнчүлүк бар. Бирок, өзүңүздөр билесиздер, шайлоого ат салышып жаткан партиялардын арасында «Ак жол» элдик партиясы бар.
XS
SM
MD
LG