Социал-демократиялык партиянын мүчөлөрү кечээ Жалалабат шаарын көздөй жөө жүрүшкө чыгаарда “Ак жол” партиясынын жактоочуларынын суроо-сопкусуна туш болгон. “Ак жолдун” Сузак райондук штабынан чыккандар социал-демократтарга чогулбоону эскертишип, таркап кетүүнү талап кылышкан. СДПнын облустук штабынын 14-декабрдагы мындай билдирүүсүн “Ак жол” партиясынын облустук төрагасы Абдымалик Бектемиров бүгүн жалган жалаага чыгарды. Анын айтымында, Сузакта андай инцидент болгондугу аныкталган жок жана “Ак жол” партиясы мыйзамдуулукту сактайт. (YA)
18:27 Жалалбат облусунда Социал-демократиялык партиясынын жөө жүрүшүнө тоскоолдук жасалды