Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

13-декабрда “Моби” жана “Бител” уюлдук байланыш компанияларынын абоненттери шайлоодо “Ак жол” партиясына добуш берүүгө үндөгөн СМС каттарды ала башташты. Борбордук Шайлоо Комиссиясынын расмий өкүлү ал күнү “Азаттыкка” муну кадыресе үгүттөөнүн бир формасы деп түшүндүрдү. Бүгүн болсо Жарандык коомду колдоо борборлорунун Ассоциациясы БШКга расмий арыз менен кайрылып, бир канча ирет ушундай эле арыз менен “Skymobile” компаниясына кайрылганда, алар Ассоциация менен иштеше албастыгын айтканын, бирок эми минтип “Ак жол” партиясынын кызматын өтөп жатканы эмнени билдирээрин түшүндүрүп берүүнү суранды.

Бейшембиде алгач “Бител” өз абоненттерине “Ак жол” партиясын үгүттөгөн СМС тарката баштаптыр дегенде көпчүлүк муну үгүт жүргүзүүнүн жаңыча формасын ишке киргизген турбайбы деп эле калган. Бирок маселенин баары жума күнү башталды. Көрсө Жарандык коомду колдоо борборлорунун Ассоциациясы шайлоо күнү чөнтөк телефондорун көтөргөндөрдү “Унутпай, бүгүн шайлоого баргыла! Өзүңөр каалаган партияга добуш бергиле!” деген СМСтерди жиберсекпи деп, “Skymobile” компаниясына кайрылган экен. Ассоциациянын юристи Бакыт Качикеева бирок байланыш оператору аларда бул өңдүү иш-чара менен алектенгенге “мыйзамдык негизи да, техникалык мүмкүнчүлүгү да жок” деп айтышканын билдирди.

- Бизде, мисалы, аталган оператордон расмий кат бар. Ал жерде алар техникалык мүмкүнчүлүктөрү жок экенин айтышкан. Анан кечээ эле баарыбызга бипилдеп “Ак жолго” үгүттөгөн СМСтер келе баштады. Биз буга таң калдык, анткени эки апта мурдараак эле алар бизге такыр мүмкүн эмес дешкен болчу.

Ассоциация БШКга жасаган кайрылуусунда, бул СМСтер үчүн “Ак жол” каражатты кандай жолдор менен төлөгөнүн аныктап берүүнү өтүнгөн. БШКнын мүчөсү Гуля Рыскулова бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “Ак жол” партиясы чындап эле ал СМСтер үчүн Үгүт корунан акча бөлгөнү анык экенин ырастады.

- Акча үгүт кору аркылуу төлөнгөн, мыйзам бузуулар жок, ал тууралуу келишим да бар. Мында Шайлоо Кодексин бузган эч кандай факты катталган жок, - деп билдирди БШКнын мүчөсү Гуля Рыскулова.

“Skymobile” компаниясына “Ак жолду” үгүттөйсүң деген эч кандай кысым болбогонун, ал үчүн каражат партиянын Үгүт корунан төлөнгөнүн “Ак жолдун” маалымат-катчысы Авланбек Жумабеков да ырастады.

- Эч кимге эч кандай басым, кысым көрсөтүлгөн эмес. СМС тууралуу үгүттү биздин пресс-топ эле ойлоп тапкан. Биз “Skymobile” ишканасынын менеджерине кайрылып эле, келишим түзгөнбүз, - дейт Айланбек Жумабеков.

Андай болсо, эмне үчүн алгач Ассоциацияга иштешүү тууралуу макулдугун бербеген “Skymobile” кийин “Ак жол” партиясын үгүттөөгө көндү? Бул суроого байланыш операторунун расмий өкүлү Татьяна Байло жооп берүүдөн баш тартты.

- Тилекке каршы, биз сиздерге комментарий бере албайбыз. Эгер “Ак жол” партиясы сиздерге бул жөнүндө маалымат берген болсо, ошол жетиштүү, - деп гана тим болду “Skymobile” компаниясынын өкүлү Татьяна Байло.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG