Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Орусия тышкы иштер министри Британиянын айыптады


Сергей Лавров Британияны Орусия менен алакасы бузулушу үчүн "системалуу" түрдө аракеттенип келгени үчүн айыптады. Орус тышкы иштер министри эки өлкөнүн мамилеси начарлашына себеп берген жагдайлар катары Британия Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы террорчулукка каршы күрөшүү маселеси боюнча кызматташтыкты, визалык режимди жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуусун атады. Сергей Лавров мындай билдирүүнү Британ кеңешинин Москвадан башка аймактардагы бөлүмдөрү жабылары жөнүндөгү жарыядан эки күндөн соң жасап олтурат. Расмий Москванын чечимине ылайык, Британ кеңешинин орус башкалаасынан бөлөк аймактардагы бөлүмдөрү 1-январдан тарта жабылыш керек. Британ өкмөт башчысы Гордон Браун агартуучулук жана гуманитардык иштер менен алектенген, бул уюмга карата мындай чечимдин чыгарылышын "кабыл алынгыс" деп атап, орус бийликтерин өз чечимин кайра кароого чакырган.

XS
SM
MD
LG