Бүгүн БШКнын отурумунда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чагылдыруучу протоколдордун жана таблицалардын формасын бекитти. Ошондой эле Жалалабад облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча токтом кабыл алды. БШКнын төрайымы Клара Кабилова 16-декабрда облустардан келген добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор менен БШКнын бардык мүчөсү таанышарын белгиледи. (AJ)