Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

15:10 “Асаба” партиясы Улуттук сыналгы каналдын “Эпицентр” программасы боюнча БШКнын жетекчилигине кат жолдоду


“Асаба” Улуттук Кайра Жаралуу партиясынын БШКнын төрайымы Клара Кабиловага бүгүн жолдогон катында 14-декабрда кечки саат ондордо УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимканов “Эпицентр” деп аталган берүүсүндө коомдук сурамжылоо маалыматын таратканы айтылат. Аталган партиянын пикиринде бул маалымат “Шайлоо Кодексинин” 30-беренесинин 6-пунктун одоно бузуу болуп саналат. Мындай мыйзам бузууларга 11-декабрда “5-канал” сыналгы каналы да жол берген. Партия аталган сыналгы каналдар бүгүн (15-декабрда) кечки саат онго чейин буга чейин таркаткан божомол маалыматтарын жокко чыгаруусу керек деп билдирет. (AJ)

XS
SM
MD
LG