Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

АТА ӨНӨРҮН УЛАГАН РАХАТБЕК


Бүткүл союздук, республикалык сынактардын, фестивалдардын лауреаты, комузчу-аткаруучу Рахатбек Молдоакунов менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.

1987-жыл. Кыргыз Улуттук филармониясынын концерттик залы. Улуу күүчү, комузчу-аткаруучу Карамолдо Орозовдун туулган күнүнө арналган комузчулардын Республикалык сынагы өтүп жатты. Кыргызстандын чар тарабынан келишкен ар кыл курактагы шайырлар биринен сала бири сахнага чыгып, угармандарга өнөрлөрүн тартуулап, ырахатка бөлөп жатты. Кезек Теңиртоонун алыскы Атбашысынан келген он беш жашаар Рахатбекке келет. Ал атасы Эшманбет менен Ыбырай Тумановдун “Жаш тилегин” чертип чыгат. Рахатбек атасынан калышпай күүнүн ар бир кайрыгын так чертип, залда отургандарды, калыстар тобун асылдыктын кереметине бөлөп, биринчиликти жаңип алат. Кийин Рахатбек атасы менен Москвада өткөн эл шайырларынын Бүткүл Союздук фестивалына катышып лауреат болот. Ийгиликке ийгилик уланып 1998-жылы Рахатбек атактуу элдик шайыр Ыбырай Тумановдун туулган күнүнүн 90- жылдыгына арналган Республикалык комузчулардын кароосунда Тумановдун күүлөрүнөн чертип, биринчи байгени жеңип алат. Айылдаштары жана курдаштары: - Рахатбекти карагылачы, аман жүрсө Эшмамбет чоң атабыздын өзүндөй чыгаан комузчу болот, “ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат” деген ушул – дешип сыймыктанышат. Ошентип, Рахатбек тогуз бир туугандын ичинен атасынын жолун жолдоп, өнөрүн улап бүгүнкү күндө Казыбек айылына гана эмес, кыргыз калкына төбөсү көрүнгөн комузчу аткаруучудан болуп чыга келди. Ал айтылуу комузчулар Карамолдо Орозовдун, өзгөчө Ыбырай Тумановдун татаал кайрыктардагы классикалык күүлөрүн чертүү менен атасы Эшманбеттин “Жол кербез”, “Кайра жаралуу”, “Демилге”, “Аккуланын жүрүшү” аттуу күүлөрүн атасы кандай ыкмаларда, штрихтерде чертсе, дал ошондой устаттыкта, чеберчиликте аткарат.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында Барскоондун Актүз жергесинде өткөн эл аралык “Ат чабыш” фестивалына атасы Эшманбеттин “Ак куланын жүрүшү” аттуу күүсүн чертип, угуучулардын алкоолоруна алынды. Рахатбекке комузчу-аткаруучулук чыгармачылыгыңды канча жашыңдан баштадың эле, алгачкы устаттың ким болду деген собол узаттым:

- Комузду 4-класстан баштап кармадым. Алгачкы устаттым атам Эшманбет. Атам бош убактысында анда-санда комуз кармап залкар комузчулар Ыбырайдын, Карамолдонун күүлөрүн чертер эле. Ошентип 4-класстан баштап атам күү үйрөтө баштады. Атам улуу шайырлардын күүлөрүн чертүү менен өзү да төрт күү чыгарды. Атам кыргыздын улуу комузчуларынан Ыбырай Тумановго жолугуп, баардашып, күүлөрүн угуптур.

- Рахат мырза, атаң Эшманбеттин “Кайра жаралуу” аттуу күүсүндө бүгүнкү турмуш баяндалганбы?

- Атамдын бул күүсүндө азыркы биз жашап жаткан доордун ыргактары сыпаталган.

- Эмики черте турган күүңдүн автору ким?


- Рахатбек атасынын жаңыдан чыгарган “Ак куланын жүрүшү” аттуу күүсүн мындайча баяндады:

- “Ак куланын жүрүшү” аттуу күү атамдыкы. Бул күү айтылуу Манас атабыздын Ак куласына арнап чыгарган. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында Ысыккөлдүн Барскоонунда өткөн “Ат чабыш” фестивалында эл алдына чертип, алкоого арзыдым.

- Рахатбек мырза, он бир жашыңдан комуз кармап, күү черте баштапсың. Сага улуу комузчулардын ичинен кимдердин күүлөрү жагат. Бул тууралу өз оюңду айтып берсең?

- Жакшы болот. Мен залкар комузчулардын ичинен Ыбырай, Карамолдо аталарымдын күүлөрүн чертип жүрөм. Көбүнчө Ыбырай атамдын күүлөрүн чертем.

Жаш комузчу-аткаруучу Рахатбек Тумановдун “Жыргал күн” аттуу күүсүн чертип жатканда залкар төкмө акын Осмонкул Бөлөкбаевдин:

Кожомкулдай түрү бар,
Алачыктай чоң киши
Аны байкап билип ал,
Ыбырайдын сөзүн ук,
Ичтен бышкан жөө чечен,
Калыстыгы ченде жок.
Тумандын уулу Ыбырай
Тегин жерден күү тапкан,
Бир койдун кылын бүт таккан
Сыдырып жатып жүз таккан.
Комузчуларга сын таккан
“Жаш тилекке” келгенде
Комузун колго бергенде
Тепкенин жогору жагынан
Тегирмендей чоң колду
Тегеретип чуркаткан,
Тумандын уулу Ыбырай
Комузчунун кыйыны ай – деп, Ыбырайды сыпаттап ырдаган ыры кулагымда жаңырып, тегирмендей чоң колдуу, дардайган келбеттеги терең ойчул, тегин жерден күү тапкан, баамчыл, сынчыл, улуу комузчунун турпаты көз алдыма тартылып жатты.
XS
SM
MD
LG