Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

16:47 Биринчи май райондук соту Бабановдун атуулдук укугун териштирип жатат


Буга Сергей Ступак аттуу кыргызстандык жарандын доо арызы себеп болду. Доо арызда Социал-демократтар партиясынын шайлоо тизмесинде биринчи турган Өмүрбек Бабановду Кыргызстандын жарандыгынан ажыратуу сунушталган. Муну ал Бабановдун Казакстандын жараны экендиги боюнча жетиштүү далили бар экендиги менен негиздеген. Бабановдун айтымында, ал 1995-1998-жылдары Жамбыл облусуна иштегендигине байланыштуу Казакстандын паспортун пайдаланган. Казак бийлиги Бабановго паспорт негизсиз берилген деп таап, паспортун жокко чыгарган. Мындай маалыматты тастыктаган катты Казакстандын ички иштер министрлиги 15-декабрда Кыргызстандын ички иштер министрлигине жолдогон. Ушундай эле негиз менен Бабанов Казакстандын жараны эмес экендигин Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги да өзүнүн маалымдамасында расмий тастыктаган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG