Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

КЛИМАТ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДӨ ИРИ ЖЫЛЫШ ЖАСАЛДЫ


Кызуу талаш-тартыш менен өткөн Бириккен улуттардын климатка байланышкан жыйынында жер абасынын ысышы боюнча келишимди 2009-жылга карата түзүү макулдашылды.

"Жол картасы" тууралуу макулдашууга америкалык делегация өз каршылыгынан баш тарткандан кийин жетишилди. Пландалган келишим жер абасын ысыткан булганыч газдарды кыскартуу тууралуу Киото келишиминин мөөнөтү 2012-жылы аяктагандан кийин күчүнө кирет.

AКШнын мамкатчысынын орун басары Паула Добранскинын айтымында анын өлкөсү келишимге бут тосууну каалаган жок:

- Менимче биз көп жол басып өттүк. Иш жүзүндө Кошмо Штаттары бул аракеттерди чын дилинен колдойт, болгону баарыбыздын бирге аракеттенишибизди кепилдөөнү каалайт. Ошону менен урматтуу төрага, биз алга кадам таштап, бүгүн ымалага кошулабыз.

Мунун адында Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги-Муун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференцияда жылыш болбой жаткандыгына нааразы болуп, делегаттарды жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо тууралуу макулдашууга үндөгөн:

- Бүт адамзатынын ажатын ачуунун мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланалы. Мындан бир нече күн мурда мен биз эки жолдун кесилишинде экенибизди, бир жол глобалдык климат боюнча жаңы келишимге алып келерин, экинчиси биздин планетага жана биздин балдарга чыккынчылык кылууга алып келээрин айткан элем. Силер мына ушул эки жолдун бирине алгачкы кадам таштаганы турасыңар.

Индонезиянын Бали аралында өтүп жаткан эки жумадан берки сүйлөшүүдөгү келишим көмүр жагып, мунай-газ колдонуудан улам жер абасынын ысышын жайлатуу багытындагы жылыш катары бааланууда. Климат боюнча жаңы сүйлөшүүгө биринчи жолу АКШ, Кытай, Индия сыяктуу абаны айрыкча булгаган өлкөлөр тартылмакчы.

Бирок франциялык делегаттар келишим Европа союзу каалагандан төмөнкү деңгээлде болуп калгандыгын билдиришүүдө. Евро кеңеш өнөр-жайлашкан өлкөлөрдүн газдарды 2020-жылга чейин 25-40 пайызга азайтышын талап кылып жаткан эле. Экологиялык уюмдар жана айрым делегаттар да жетишилген келишимди мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып жиберген документ катары баалашууда.

"Бали жол картасында" эки жылга эсептелинген сүйлөшүү процессин баштоо каралган. Бул сүйлөшүүлөр газдарды азайтуунун жаңы чектерин аныктоо менен аякташы керек.

XS
SM
MD
LG