Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

24:45 Өмүрбек Бабанов партиялык тизмеден чыгарылды


Жекшембиге караган түнү саат он эки жарымда Бишкектин Биринчи май райондук соту СДПнын штаб жетекчиси, партиялык тизмеде биринчи турган Өмүрбек Бабановду партиялык тизмеден чыгаруу чечимин кабыл алды. Соттун чечимине ылайык Бабанов эми парламенттик шайлоодо ат салыша албайт. Буга Бишкек тургуну Сергей Ступактын СДПнын мүчөсү, мурдагы депутат Өмүрбек Бабановду Казакстандын жараны деп, аны шайлоодон четтетүүнү өтүнүп сотко доо арыз жолдогону себеп болду. Өмүрбек Бабанов соттун мындай чечимин, саясий чечим катары баалады:

Бул саясий “заказ” деп ойлойм. Бүгүнкү күндө баодык булуң-бурчта болуп аткан мыйзамсыз иш деп ойлойм. Мына бүгүн мени сот Кыргызстандын атуулдугунан алып салды. Мен эми же Казакстандын атуулу эмесмин же Кыргызстандын атуулу эмесмин. Мен кыргыз элине айтып койгум келет. Мен өзүм Таласта төрөлгөм. Эч качан Кыргызстандын атуулдугунан баш тарткан эмесмин. Эч качан Казакстандын жарандыгын алган эмесмин. Бүгүнбү, эртеңби баары бир чындык жеңип чыгарына мен ишенем. Бул чечим соттун чоң катасы болду деп ойлойм. Бир гана соттун эмес саясий чоң ката болду, –деди Өмүрбек Бабанов.

Анын жактоочусу Галина Скрипкина бул маселе боюнча Жогорку сотко кайрылышарын билдирди. Ал эми сот жараянына катышкан БШК өкүлү болсо Шайлоо Кодексине ылайык, парламенттик шайлоого талапкер шайлоого үч күн калганда шайлоодон четтетилгенге болбойт, деп сотко көрсөтмө берген. (AJ)

XS
SM
MD
LG