Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Аманбек Жапаров, Бурулкан Сарыгулова Жекшембиге караган түнү саат он эки жарымда Бишкектин Биринчи май райондук соту СДПнын штаб жетекчиси, шайлоо тизмесинде биринчи турган Өмүрбек Бабановду тизмеден чыгаруу чечимин кабыл алды. Соттун чечимине ылайык, Бабанов эми парламенттик шайлоодо ат салыша албайт. Буга Бишкек тургуну Сергей Ступактын Өмүрбек Бабановду Казакстандын жараны деп, аны шайлоодон четтетүүнү өтүнүп сотко доо арыз жолдогону себеп болду.

Өмүрбек Бабанов соттун мындай чечимин, саясий чечим катары баалады:

-Бул саясий “заказ” деп ойлойм. Бүгүнкү күндө бардык булуң-бурчта болуп аткан мыйзамсыз иш деп ойлойм. Мына бүгүн мени сот Кыргызстандын атуулдугунан алып салды. Мен эми же Казакстандын атуулу эмесмин же Кыргызстандын атуулу эмесмин. Мен кыргыз элине айтып койгум келет. Мен өзүм Таласта төрөлгөм. Эч качан Кыргызстандын атуулдугунан баш тарткан эмесмин. Эч качан Казакстандын жарандыгын алган эмесмин. Бүгүнбү, эртеңби баары бир чындык жеңип чыгарына мен ишенем. Бул чечим соттун чоң катасы болду деп ойлойм. Бир гана соттун эмес саясий чоң ката болду, –деди Өмүрбек Бабанов.

Анын жактоочусу Галина Скрипкина бул маселе боюнча Жогорку Cотко кайрылышарын билдирди.

Сотко доо арыз менен кыргызстандык жаран Сергей Ступак кайрылган. Анын дооматына караганда, Өмүрбек Бабанов парламентке депутаттыкка талапкер катары катышууга укугу жок. Анткени, ал Кыргызстандын жараны деп эсептелбейт. Бабанов 1995-1998-жылдар аралыгында Казакстандын паспорту менен Жамбыл облусунда иштеген. Бул паспорт Казакстандын тиешелүү органдары тарабынан мыйзамсыз берилген паспорт катары саналып, жокко чыгарылган. 1998-жылы Кыргызстанга кайтып келген Бабанов өзүнүн Кыргызстандын жараны экендигин тастыктоону сурап, Ички иштер министрлигине кайрылган жана министрликтин талаш-тартыштарды тескөө комиссиясы аны Кыргызстандын жараны деген тыянак чыгарып берген. Казакстандын жараны эмес экендигин Казакстандын тиешелүү органдары да тастыктап беришкен. Бирок доогер тарап Бабановду Кыргызстандын жараны деп эсептебейт.

Доогер тараптын адвокаты Иван Бельскихтин сотто келтирген дооматтарына караганда, Бабанов Казакстанга жашоо үчүн 1995-жылы эмес, андан бир жыл эрте кеткен. Экинчиден, ал расмий белгиленген үч жыл ичинде кыргыз тарапка өзүнүн каттоосу тууралуу эч кандай маалымат берген эмес. Бул жарандыктын жоюлуп кетишин шарттайт. Мындай жагдайда мыйзам боюнча жарандык президенттин жардыгынын негизинде гана калыбына келтирилет:

- Себеби, Кыргызстандын жарандыгы жөнүндөгү мыйзамда Казакстандын жарандыгын алган Бабанов Өмүрбекке Кыргызстандын жарандыгы Кыргыз республикасынын президентинин уруксаты менен калыбына келтирилет. Иш жүзүндө анын жарандыгы Ички иштер министрлиги тарабынан өз алдынча калыбына келтирилген. Бул жерде ИИМдин комиссиясы өз укугун аша чаап пайдаланган.

Адвокат Бельскихтин мындай дооматына каршы болгон Бабанов эч качан жарандыктан чыгуу же башка өлкөнүн жарандыгын алуу үчүн арыз бербегендигин, ИИМдин алдындагы комиссия ал кыргызстандык жаран экендигин тиешелүү документтердин негизинде гана тактап бергендигин билдирди. Мындай билдирүүнү Бабановдун адвокаты Елена Жылкычиева укуктук жактан негиздеди:

- Бабанов Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Карабуура районундагы Чымкент айылында туулган. 1993-жылдын 18-декбарындагы Жарандык жөнүндөгү мыйзамдын биринчи беренеси аны жаран катары тааныйт. Бабанов эч качан башка жарандык алуу жөнүндө арыз берген эмес жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан эмес.

Соттогу маалыматтарга караганда, Бабанов Москвадан Жогорку окуу жайды бүтүп келгенден кийин үч жыл Казакстандын Жамбыл облусунда өз алдынча ишкердик менен алектенген. Ары-бери каттоого колундагы СССРдин паспорту тоскоолдуктарды алып келгендиктен, Казакстандын паспортун алган. Бирок Жамбыл облусу менен Карабуура районунун аралыгы 30 чакырымдын тегереги болгондуктан, үйүнө барып келип иштеген. Казакстанда туруктуу жашаган эмес. Жарандыкка байланышкан бул маселе Бабанов 2005-жылкы парламенттик шайлоого талапкер катары катышканда да атаандаштары тарабынан көтөрүлүп, Карабуура райондук соту ишти Бабановдун пайдасына чечкен.
Бабанов өзү болсо бул соттук териштирүү аны жарандыктан ажыратуу маселесин да көтөрүп жаткандыгын белгилеп, өз арызы болмоюнча аны жарандыктан ажыратууга мамлекет башчынын да укугу жок экендигин белгиледи.

Сотко жоопкер тарап катары катышып жаткандардын бири, БШКнын өкүлү Жылдыз Абдыбекова доогер тараптын сотко кайрылуу мөөнөтү өтүп кетти деп эсептеди. Шайлоо кодексине ылайык арыз, даттануулар БШКга талапкерлер катталгандан кийинки беш күн ичинде, соттук териштирүүлөргө арыздар добуш берүүнүн алдындагы үч күн ичинде берилиши керек.

Адвокат Бельскихтин билдиргенине караганда, доо арыз сотко «24.kg» агенттиги чыгарган маалыматтардын негизинде берген. Жоопкер тараптын адвокаттары интернет сайт, маалымат каражаттарынын катарына кирбей тургандыгын белгилешүүдө. Ал эми Бабанов өзү болсо аталган агенттикти сотко бере тургандыгын билдирди. Анын айтымында, аталган маалыматтарды басардын алдында Бабанов менен соодалашуу иретинде бир катар шарттар коюлган.
XS
SM
MD
LG