Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

10:30 Таласта бийлик өкүлдөрү добуш берүү өнөктүгүнө кийлигишип жатышат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Атамекен” партиясынын Бакайата боюнча координатору Данил Акжолов билдирди. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү Ю.Тойчубеков Кыргызстан айылында, Шаршенбек Конгантиев Миңбулак айылында бүгүн эртең менентен тарта шайлоо участкаларында жүргөндөрүн алар тасмага тартып алышкан. “Аталган адамдар Бишкекте жашап жаткандыктан добушун борбордон бериши керек эле. Алар же Бишкектен да, бул жерден да добуш бергени жатышат”, дейт Д. Акжолов. Мындан тышкары, Таласта № 68,№59 шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендери 50-100дөн саналып берилип жатканы ыңгайсыз абалды түзүп жатканы кабарланууда. Бейөкмөт уюмдардын байкоочулары бул байкоочуларды алаксытып жатат деп билдиришүүдө. Алар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн бардык бюллетендер 50-100дөн эмес, биротоло саналып берилсин деп талап кылышууда.(MSu)

XS
SM
MD
LG