Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

11:55 И. Айдаралиев: Өкмөт шайлоого кийлигишкен жок, экономикалык маселелер менен алек


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Искендер Айдаралиев №67 мектепте жайгашкан №1193 шайлоо участогуна барып добуш берди. Добуш берип чыккандан кийин Искендер Айдаралиев “Азаттыкка” интервью берип, өкмөт жана мамлекеттик органдар шайлоого кийлигишпей, жалан экономикалык-чарбалык иштер менен алектенип атат деп билдирди. “Мына жыл бүтүп келатат, эгер сегиз пайыз экономикалык өсүштү бербесек, биз элдин алдында берген убадабызды жана президенттин тапшырмасын аткара албай калабыз. Ошон үчүн өкмөт бүгүнкү күндө бүтүндөй чарбалык иштер менен алек болуп жатат,”-деп билдирди Искендер Айдаралиев. Анын баамында шайлоонун жыйынтыгы боюнча парламентке эки-үч партиянын өкүлдөрү келиши мүмкүн. Искендер Айдаралиев 2005-жылкы шайлоодо административдик ресурс колдонууга жол бербегендиги үчүн эл менен болуп, эмдигиче мамлекеттик кызматта иштеп атканын айтып өттү. “Биринчиден мени эл жактады, экинчиден Таласта ошол убакта административдик рычагдар колдонулган эмес. Ошон үчүн мен Таластын губернатору болуп калып калгам. Мына жаңы Конституция кабыл алдык, мыйзамдарыбыз бар. Аткаруу бийлиги дагы, эл дагы Конституцияга гана баш ийип иштеши керек”,- деп баса белгиледи Искендер Айдаралиев.(KCh)

XS
SM
MD
LG