Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

12:35 ИИМ: Добуштарды сатып алуу аракети катталды


“15-декабрда Каракулжа районунун Каракулжа айылынын тургуну К.Ибраимов айрым саясий партиялардын өкүлдөрү райондо шайлоочуларга акча сунуш кылып, өз партиясына добуш берүүгө үндөп жатышканын айтты” деп билдирет Ички иштер министрлиги. Кабарга караганда, бул билдирүүдөн кийин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча регионалдык башкармалыгы оперативдүү иликтөө жүргүзгөн. “Анын натыйжасында Ылайталаа айылынын тургуну К.Нуриев өзүнүн коңшусу Б.Ташматовага 50 сом сунуш кылып, СДПга добуш берүүгө үндөгөнү аныкталды. К.Нуриев азыр кармалды” деп айтылат билдирүүдө. Бирок Социал-демократиялык партия бул айыптоолорду четке какты. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, партиянын Ош облусу боюнча куратору Зоя Турусбекова: “Биздин партияда андай ысымдагы киши жок, демек үгүт ишин жүргүзүүгө укугу болгон эмес”, - деп билдирди. (TD)

XS
SM
MD
LG