Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

КЫРГЫЗСТАНДА БҮГҮН ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО


Кыргызстанда бүгүн мамлекеттин мыйзам чыгаруучу жогорку органы Жогорку Кеңешти шайлоо жүрүп жатат. Шайлоочулар өлкөнүн тарыхында биринчи жолу депутаттарды бүтүндөй партиялык тизме менен тандап добуш берип атышат. Шайлоого БШКнын элегинен өткөн 12 партия гана катышып жатат. Шайлоонун жүрүшүнө 600дөй эл аралык байкоочу жана миңдеген жергиликтүү байкоочулар көз салышууда. Эл аралык байкоочулардын катарында КМШ өлкөлөрүнөн, ЕККУ, ШКУ сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдардын, Кыргызстан менен дипломатиялык алакасы бар өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар. Добуш берүү өлкө боюнча 2274 участкалык шайлоо комиссияларында өтүүдө. Ошондой эле өлкөнүн аймагынан сырткары 23 өлкөдө, анын ичинде Россияда, АКШда, Түркияда, Казакстанда дагы шайлоо участоктору уюшулган. (Сүрөт баян)

























XS
SM
MD
LG