“Интербилим” уюмунун өкүлү Елена Воронина тараткан маалыматка караганда, байкоочулар тогуз түрдүү мыйзам бузууларга күбө болушканын билдиришүүдө. Алар атап айтканда мамлекеттик чиновниктердин шайлоого кийлигишүүсү, бюллетендерди топ-топ кылып салуу, добуштарды сатып алуу, оппозициядагы партиялардын байкоочуларына кысым көрсөтүү, шайлоочулардын тизмеге кирбей калышы, шайлоочуларды адаштыруу сыяктуу мыйзам бузууларды катташкан. (KCh)