Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Оппозициядагы партиялар Ош облусунда парламенттик шайлоо көп сандаган мыйзам бузуулар менен коштолуп жаткандыгына кабатыр. Жергиликтүү бийлик мындай пикирге макул эмес.

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында жайгашкан №5298-шайлоо участогундагы шайлоо күнү чыр менен башталды. Партиялардын өкүлдөрү шайлоо комиссиясынан бюллетендерди алардын көзүнчө эсептөөнү талап кылышканда, шайлоо комиссиясынын төрагасы Тажибай Айтбаев талапты аткаруудан баш тартты.

Аңгыча шайлоо участогунун ичинде Ош шаардык мэриясынын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айтбай Масалиев пайда болуп, партиялардын өкүлдөрүн, байкоочуларды тышты карай кууп, «Азаттыктын» кабарчысын кадимкидей жакалады:

- Удостоверениеңерди көрсөткүлө дагы, четке тургула. Шайлоонун жүрүшө тоскоолук кылбай, акты түзгүлө, - деп талап кылды Айтбай Масалиев.

Кызматкеринин «Азаттыктын» кабарчысына жасаган жосунсуз жоругу үчүн Ош шаар мэри Жумадыл Исаков кечирим сурап, административдик ресурстарды колдонбой эле турушкандыгын билдирди:

- Бир дагы жетекчи өзүнүн орду менен пайдаланган жок. Эртең байкоочулар болобу, башкалар болобу административдик ресурс пайдаланып атат деген сөздөн алыс болгула деп биз баарына талап коюп, тапшырма бергенбиз. Ал киши үчүн мен кечирим сурайм, мен аны менен өзүм жыйынтык чыгарам, ал андай кылганга акысы жок, - деди Жумадыл Исаков.

«Ата Мекен» социалисттик партиясынын Ош облустук штабынын өкүлү Эркебай Зарипбеков бийлик жер-жерлерде саясий өнөктүктүн жүрүшүнө ачык эле кийлигишип, калк кыжырын кайнатып жатат деген ойдо:

- Мындай шайлоо Акаевдин учурунда да болгон эмес. Бакиев 2005-жылкы шайлоону таза эмес, баткак шайлоо деди эле. Бул андан дагы кир шайлоо болду. Адамдар деле түшүнүп бүтүптүр, 100дөй эле киши кайра кайра кирип чыгып атат кээ бир участкаларда. Шайлоо участокторго келген адамдар аз. Кечээги референдумдай эле 3 пайыз адам катышат, анан 75-80 деп чыгарышы мүмкүн бул бийлик, - деди Эркебай Зарипбеков.

АКШнын демократиялык институтунан келген байкоочу Лира Ажыкова ал кыдырган Ош аймагындагы бардык участоктордо одоно мыйзам бузуулар болгондугун айтып, мунун акыры жакшылык менен бүтпөй тургандыгына кабатырланды.
XS
SM
MD
LG