Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:03

Бүгүн Орусиялык он шаарда да Кыргызстандын Жогорку Кеңешин шайлоо өтүп, ага кыргызстандыктар добуш берип атышат. Шайлоо кандай болуп жатканы туурасында Москвадагы шайлоо комиссиясынын төрагасы Руслан Бийбосунов менен биздин кабарчы Муса Мураталиев чакан маек курган.

«АЗАТТЫК»: - Кире бериште тизмеге кошулбай калыптырбыз деп кишилер датанып олтурушат. Ошонун себеби эмнеде экенин айтып кетсеңиз.

Р. БИЙБОСУНОВ: - Себеби, Москва деген чоң шаар, боордошторубуз ар кайсы булуң бурчтарында жашашат экен. Тизме түзүп атканда кыргыздардын бул жактагы диаспоралары жана беш алты коомдук уюмдар көмөк көргөзүштү. Ошолор аркылуу тизме түздүк, консулдукта тизмени ага коштук. Ошол коомдордо иштеген жигиттер колдорунан келишинче тизме түзүп келишти. Анан эми бүгүн шайлоо өтүп атат. Тизмеге кирбей калгандар нааразы болуп келип атышат.

«АЗАТТЫК»: - Ал атуулдарды тизмеге кошууга болбойбу?

Р. БИЙБОСУНОВ: - Жакында референдумда кабыл алынган кодекс боюнча шайлоо болуп жаткан күнү кошумча тизмеге кошууга болбойт экен, тыюу салынган. Тизмеден чыгуу талону менен келсе же соттун чечими менен келсе гана биз ал тизмеге кошо алабыз.

«АЗАТТЫК»: - Элчиликтин милдетин аткарып аткан мырза жакында өз маегинде кыргыздар көп топтшкон жерлерге барып добуш бердиртүү уюштурулат деди эле, ошол маселе боюнча кандай иш жүргүзүлүп атат?

Р. БИЙБОСУНОВ: - Андай жарандар бизге арыздары менен кайрылышкан. Коомдор аркылуу да, өздөрү да кайрылышты. Алар үчүн бүгүн эртең менен комиссия мүчөлөрү эки топ болуп Мытищи районунда жашаган биздин жарандар менен Одинцовский районунда жашап аткандар жана Москва алдында жашап аткан сыркоо, нары кары жарандарыбызга добуш бердирткени кетишти.
XS
SM
MD
LG