Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

ЖАЛАЛАБАТТА БИР ПАРТИЯ АКЧА ТАРАТКАНЫН ТАСМАГА ТАРТЫП АЛЫШТЫ


Жалалабат облусундагы парламенттик шайлоо да мыйзам бузуулар менен коштолду. Шайлоо участкаларында мыйзамбузууларды каттаган байкоочуларды чыгарып жиберип, иштегенге мүмкүндүк берилген жок. Сузак районундагы Бекабат деген айылда «Ак жол» партиясы үчүн үгүт жүргүзүлдү. Бирок партиянын облустагы төрагасы бул маалыматты четке какты.

Шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен добуш берүүгө көз салып турушкан эгемен байкоочулар шайлоо кодексине кайчы келген көрүнүштөрдү каттоого алышты. “Ата Мекен” партиясынын Кочкората шаарындагы штаб башчысынын орунбасары Канат Эрбаев өкмөт кызматында иштеген жарандын «Ак жол» партиясына үгүттөп, шайлоочуларга акча таратканын тасмага түшүрүп алганын телефон аркылуу билдирди:

- Ар бир келген шайлоочуга 200 сомдон акча каражатын таркатып жаткан жеринен көзөмөлгө түшүрүштү. “Ак жол” партиясын шайлайсыңар деп түшүндүрүп киргизип жаткан жеринен кармалды.

Облуста байкоочулардын ишине арбын тоскоолдуктар жасалды. Шайлоонун жүрүшүнө көз салуулары үчүн аларга толук мүмкүндүктөр берилген жок. Жалалабаттагы 2115- шайлоо участкасына байкоочулар 3 саатка чейин кире алышкан эмес. Базаркоргон районундагы 2133-участкада «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун көзөмөлчүсү беш мыйзам бузуу фактысын каттаганы үчүн шайлоо участкасынан чыгарылып жиберилген.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын облустагы координатору Чолпон Эргешованын тастыктаганына караганда, Сузак районундагы Бекабат айыл өкмөтүндө шайлоочуга мыйзамсыз түрдө бюллетень берилип, “Ак жол” партиясы үчүн добуш бергин деп көрсөтмө берген айылөкмөт орунбасары менен партиянын айылтөрагасы жөнүндө акт түзүлгөн. Ташкөмүр шаарында бармакка белги коюу эрежеси бузулуп, үкөктүн жанында шайлоокомдун мүчөсү ташталган добуштардын эсебин алып турган:

- Ал жерде «Ак жол» партиясынын айыл өкмөт боюнча штабынын башчысы жана айыл өкмөттүн орунбасары Курбанов сыртта “Ак жол” партиясына агитация кылып жүрүшүптүр. Ошол учурда бир шайлоочуга мыйзамсыз участоктон бюллетень алып берип жаткан жеринен кармалып, буга төрага да күбө болуп, ошол бюллетенди берген участкалык шайлоо комиссиянын мүчөсүнө катуу эскертүү берилди дейт.

Шайлоочуларды автоунаалар менен ташып келүү көрүнүштөрү Аксы, Алабука районунда болду. Социал-демократиялык партиянын облустагы өкүлү Зарылбек Маматовго байкоочулар Жалалабаттагы №2104-участкага ташылып келинген шайлоочуларга акча берилгенин көргөнүн билдиришкен.

Шайлоо бюллетендери студенттик күбөлүк совет үлгүсүндөгү паспорт жана башка документтер аркылуу да берилип турду.

«Ак жол» партиясынын өкүлдөрү алардын кызыкчылыгында административдик ыкма колдонулду деген маалыматты четке кагышууда. «Эч кандай акча таратуу болгон жок,- деди партиянын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемиров. - Акча таратууну эл колдобой аткан партиялар кылышы мүмкүн. Биздикилер, бизге акчанын кереги жок, элибизге-журтубузга тынчылык керек, ошондуктан иштейли, баарыбыз бир бололу деген ой менен элдин көпчүлүгү кирип турушат. Ушуга мен сүйүнөм.»
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG