Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

Бүгүнкү жүрүп жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн тизмесине катталбай калган миңдеген шайлоочулар добуш берүүгө киргизилген жок. Алар аймактык соттордо добуш берүү укугун калыбына келтирүү үчүн бир нече саат бою сот чечимин күтүүгө, андан кийин гана барып, добуш берүүгө аргасыз болушту. Айрымдары жөн гана кол шилтеп басып кетишти. Кээ бир саясатчылар бул көрүнүш бийликтин партиясын колдобой турган адамдар үчүн атайылап бут тосуу болду деген пикирлерин билдиришүүдө.

Бишкек шаарындагы төрт райондук соттун имаратын кыдырып чыккан учурда бир нече жүздөгөн шайлоочулар добуш берүү укугун талап кылып сотто отурганына күбө болдук. Октябрь райондук сотунда эрте мененки саат сегизден бери кошумча тизмеге киргизүү боюнча соттун чечимин күтүп отурган шайлоочулар түшкө чейин күттүргөн сот кызматкерлерине нааразылыгын билдиришти.

-Менин аты-жөнүм Саадат Дүйшөмбиева. Биздин үй-бүлөбүздөн бардыгыбызга эле шайлоого келип добуш берүү кагазы келген. Бирок бүгүн эртелеп 71-мектепке добуш берели деп барсак, жарымыбыз тизмеге катталбаптырбыз. Анан сотко келип, минтип соттолгон адамдай болуп, ишимди качан карайт, деп үч сааттан ашык убакыттан бери күтүп отурам. Добушумду берем деп кечке убактымды кетиргенден көрө, бүгүн дем алыш күнү үй-бүлөм менен отуруп, башка үй жумуштарымды бүтүрүп алмакмын да.

Негизги жана кошумча тизмеге киргизилбей калган жарандардын айрымдары бул көрүнүштү бийликтин партиясын колдобой турган адамдар үчүн атайылап бут тосуу болду деп эсептешүүдө.

-Анткени ушул жерге келген адамдардын 90% оппозициялык партияларды колдогон адамдар болуш керек. Биздин үйдөн да отуздан ашуун адам катталбай калыптыр. Алардын айрымдары эле бул жакка келдик, көпчүлүгү кол шилтеп кетип калышты. Биздин келгенибизге да эки-үч саат болду, отурабыз. Тизмеде капкачан дүйнөдөн кайтып кеткен адамдардын аты-жөнү катталып жүрөт да, тирүү жүргөн биздин аты-жөнүбүз жок,-деди Казыбек Кадыралиев аттуу шайлоочу.

Эл аралык байкоочу каттары катталган Кеңешбек Сайназаров өзү добуш берүүчү аймактан тизмеге катталбай калган. Ал бул көрүнүштү шайлоочулардын укугун одоно бузуу деп эсептейт.

Биринчи Май райондук сотунун төрагасы Марат Султановдун айтуусунда кечке чейин бардык арыздар каралып, чечим чыгарыла тургандыгын маалымдады:

-Жүз элүүгө жакын арызды карап бүттүк. Дээрлик бардыгына добуш берсин деп чечим чыгарып бердик. Ал эми айрымдарына берилген жок. Бүгүн ушул багытта түшкү тыныгууга да чыкпай иштедик, кечки саат сегизге чейин түшкөн арыздардын баары каралат.

Негизги жана кошумча тизмеге кирбей калган шайлоочулардын нааразылыгы өлкөнүн бардык аймактарында болуп жаткандыгы кабарланууда. Айрым бейөкмөт уюмдар бул көрүнүш миңдеген кыргызстандыктардын добуш берүү укугунан ажыраткандыгын баса белгилешүүдө. “Интербилим” коомдук уюму тараткан билдирүүдө айтылгандай сот аркылуу добуш берүү укугун калыбына келтирүү ташпишинен көрө күнүмдүк тиричилигин жогору койгон шайлоочулар да миңдеп саналат.

“Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров бийлик тизмеге киргизилбеген жарандардын добушун бир партиянын кызыкчылыгына колдонуу үчүн атайылап жасады деген пикирде:

-Эмне үчүн референдум учурунда мындай маселе чыккан жок, 2005-жылы президенттик шайлоодо да жок эле. А бүгүн эле ушул маселени чыгарып атышат. Демек, билишет региондон келди, булар башка партияга добуш берип коюшат, деп ошол үчүн тизмеге киргизбей коюшкан.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG