Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

ПАКИСТАНДА ӨЗГӨЧӨ АБАЛ АЛЫНДЫ


Пакистанда өзгөчө кырдаал режими алынды. Ишемби күнү чак түштөн тартып өлкө кайрадан жөн-жайкын абалга өттү. Чукул абал өткөн айдын башында, 3-ноябрда жарыяланган эле. 8-январда Пакистан парламенттик шайлоо өткөргөнү жатат.

Калкка кайрылган сөзүндө президент Мушарраф алдыдагы шайлоо адилет жана эркин болоруна ишендирди. Өзгөчө абал режими экстремисттерге каршы күрөштү күчөтүү үчүн керек болгонун айтып, өлкөдө эми парламентти шайлоого зарыл шарт түзүлдү, ошол себептен чукул кырдаалды сактап туруунун кажети калган жок деп ырастады. Деген менен мунун алдында Ноушера шаарындагы аскери гарнизондо экстремисттер бомба жардырышып, андан бери эле дегенде беш киши набыт болду.

Өзгөчө режимдин токтотулушун калк кубаттап кабыл алды. Исламабад базарына чай-чамек алганы келген тургундардын бири Мушаррафтын чечими жакшы иш болгонун, жалпы өлкө алдыдагы парламенттик шайлоого аз убакыт калса да ага ээн-элкин даярдык көргөнгө мүмкүндүк алганын белгиледи.

Оппозициядагы лидерлердин бири Беназир Бхутто да президенттин чечимин жалпысынан “жакшы кадам” деп баалады, бирок демократияны кайра калыбына келтирүү үчүн дагы көп нерселерди жасоо керектигин белгиледи.

Өзгөчө абал жарыяланган соң өлкөдө көптөгөн адамдар кармалды,жогорку соттун судьялары алмаштырылды,маалымат каражаттарынын иши чектелди. Мушаррафтын чукул абал киргизген чечими Батыш өлкөлөрүндө текши сынга алынды, өзгөчө абал режими өлкөдөгү жиктелүүнү күчөтөт, экстремисттерди террордук аракеттерге көкүтөт деп эскертишти.

Жергиликтүү оппозициянын тарапкерлери Мушаррафты октябрда мыйзамсыз түрдө кайрадан президент болуп шайланды, ошондуктан жогорку сот инстанциясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарарын сезип, өзгөчө абал жарыялаганга аргасыз болду деп айыпташкан.

Исламабаддын кан базарында тери дүкөн кармаган бир соодагер өзгөчө абал не алынсын,не алынбасын баары бир анын Мушаррафтан башка эч кимге ысык-суугу жоктугун, жогорку сотко бүт өз кишилерин коюп алган соң ал калк арасында кадыры калбаса да бери дегенде дагы беш-алты жыл бийликте калат деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG