Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:38

“Ата мекен” партияcынын лидери Акмат Дооронбеков кечки саат алтыдан сегизге чейин Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, суракка алынды.

“Ата мекен” партиянын лидери Акмат Дооронбеков Талас шаарындагы №108-шайлоо участкасынын жанындагы шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратында “Ак жол” партиясына карата тизме түзүлүп жатканын байкап калганы үчүн суракка алынганы тууралу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Ак жол” партиясынын жактоочулары чатак чыгаруу максатында ушул ишти жасашты:

- Менимче “Ак жол” партиясынын шайлоодогу жүрүп аткан жүрүштөрү начар болуш керек. Булардын максаты чатакты “Ата мекен” чыгарсын деп туруп ушуну жасашты. Башка себеп жок.

Ошондой эле “Ата мекен” партиясынын дагы бир өкүлү Машакбай Рахманкуловдун шайлоо бүтмөйүнчө администрациядан чыкпай отурушун облустун губернаторунун орунбасары Койсун Курманалиева талап кылган:

- Бир аздан кийин облустун губернаторунун орунбасары Койсун Курманалиева чакырып атат деди. Келсем ал киши сиз эч жакка чыкпаңыз, пресс катчынын кабинетинде шайлоо бүткөнчө отуруңуз деди.

Машакбай Рахманкулов да шаардык ички иштер бөлүмүнө түшүнүк берүү тууралу чакырылган.

Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Кадыр Жаркыналиев “ата мекенчилердин” эмне себептен суракка чакырылганы жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты.
XS
SM
MD
LG